Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарбасына 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын айыл чарба тармагына 40 млн АКШ долларын бөлөт. Анын 20 миллиону грант түрүндө, ал эми калганы насыя катары берилет. Бул тууралуу 4-декабрда айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, жогоруда аталган сумманын 36 миллиону айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө логистикалык борборлорду түзүүгө, ага керектүү шаймандарды сатып алуу, технологияларды алып келүү, тамак-аш коопсуздук стандарттарын киргизүүгө сарпталат. Калган 4 млн доллар долбоорду ишке ашырууга эксперттерди жалдоого, окутууга, келишимдерди түзүүгө коротулат. 

Аны менен катар, министр долбоорду ишке ашыруу менен «ишканалар түзүлүп, жумушчу орундар пайда болорун» белгиледи.

«Кыргызстандын дыйкандары өстүргөн жашылча-жемиштерди экспорттоодо абдан чоң көйгөйлөр түзүлүп жатат. Биз коңшу мамлекеттерге утулуп жатканыбыздын себеби — логистикалык борборлорубуздун дээрлик жок болуп жаткандыгында. Соода логистикалык борборлорду түзмөйүнчө бул маселени чечүү кыйын», — деп билдирди Жаныбеков.

Аталган долбоор 2024-жылдан баштап 2028-жылга чейин ишке ашырылат. Насыя «Айыл банк» аркылуу агрегаторлорго, кайра иштетүүчүлөргө 12% менен 10 жылга берилет. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде 52 ишкер бир миллион сомго чейинки кайтарымсыз грант алды

Кыргызстан Евробиримдиктен билим берүү тармагына 7 млн евро грант алды