«Куралды этиятсыз колдонгон». Ошто кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер каза тапты

Маалымат 12:20да жаңыланып, маркумдун апасынын пикири кошулду.

Чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер ок атуучу куралды этиятсыз колдонуудан улам каза болду. Бул тууралуу 7-декабрда УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя 6-декабрда болгон. Кокустан өзүн атып алган аскер кызматкерине өз учурунда жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, жеринде каза болгон. 

Чек ара кызматынан аскердин каза болгону боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын белгилешти.

Каза болгон аскердин апасы «Азаттыка» маек берип, өлкө башчыдан «аскерде кызмат өтөгөндөрдүн коопсуздугун көзөмөлгө алууну» суранды.

Анын айтымында, уулу Руслан Эрменбаев жети бир туугандын экинчиси болчу. Ал Ошто 2024 аскер бөлүгүндө сентябрь айынан бери кызмат өтөп жаткан.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын февраль жана июль айында Баткен облусунда ок атуучу куралды этиятсыз колдонуудан улам эки аскер кызматкери каза болгон

2022-жылдын августтунда президент Садыр Жапаров коргоо министри Бактыбек Бекболотовго «жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» катуу сөгүш жарыялаган.   

Коргоо министрлигинин башчысы аталган тартиптик жазаны Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институттун 19 жаштагы жоокери каза тапкан күндүн эртеси алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер кызматкери каза тапты