Ардагердин оорукананын коридорунда жаткан сүрөтү боюнча дарыгерлер маалымат берди

13-декабрда Сузак райондук ооруканасы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Тешебай Ашуровдун оорукананын босогосунда жатканда тартылган сүрөтү боюнча түшүндүрмө берди. 

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Оорукананын жетекчиси Акжол Тургунбаев «Азаттык» басылмасына маек берип, ардагер ооруканага «тез жардам» менен алып келингенден кийин биринчи кароо учурунда жакындары сүрөткө тартып алып, «коридордо жатат» деп чыгарып жиберишкенин айтты.

«Ардагер бизге 11-декабрда келген. Туугандарынан оорусунун белгилерин сурап, дене табынын көтөрүлгөнүн айтышканда кызамык болушу мүмкүн деп көзөмөлгө алганбыз. Жакындары ардагер өзүн жакшы сезип жатышканын айтышкан. Кийин ардагерди “тез жардам” менен ооруканага алып келгенде жакындары анын коридордо замбилде жаткан сүрөтүн тартып, социалдык тармактарга таратып жиберишиптир», — деди Тургунбаев.

Андан тышкары ардагерге палатага киргизүүнү сунушташканда ал «бул жердин абасы жакты» деп көнбөй койгонун айтылды. Ал эми бейтап дарыланып жаткан керебеттер бардык шарттар менен камсыздалган. Ашуров учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарыгерлер анын абалы жакшы экенин билдиришти.

Буга чейин соцтармактарда 99 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери Тешебай Ашуровдун 11-декабрда Сузак райондук ооруканасынын кире беришинде жатканда тартылган сүрөтү тараган. Кийинчерээк колдонуучулар оорукананын жетекчилерине чара көрүүнү талап кылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Экинчи дүйнөлүк согушта мерт кеткен ар бир адам бир мүнөттөн эскерилсе, дүйнө 135 жыл жым турмак

Акыйкатчы институту Сузак райондук ооруканасы талапка жооп бербей турганын айтты