Парламенттин тармактык комитети тууну өзгөртүү демилгесин дароо эки окууда жактырды

19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Эл өкүлү Мирлан Самыйкожо туунун айланасындагы талашка чекит коюу үчүн референдум өткөрүү керектигин айтты. Ал эми Жамила Исаева күндүн нурун түндүк менен айкалыштырууну, Арсланбек Малиев туунун түсүн өзгөртүүнү сунушатады. Бирок комитет алардын сунушун кеч берилди деген жүйө менен четке какты.

«Коңшу Казакстан дагы бир мезгилде Астана деген шаарынын атын өзгөртүп, Нур-Султан деген. Бүгүн, тагдырдын тамашасын караңыздар, айланып келип кайра Астана болуп жатат [...] Мен президенттин саясатына каршы эмесмин, бирок тууну өзгөртүүгө каршымын. [...] Ушул бийликтин өмүрү узун болсун, мамлекетте стабилдүүлүк болсун, байрагыбыз түшпөсүн, бирок 20-30 жыл болобу, бийлик алмашкандан кийин ушул желек кайра кайтып келерине бөркүңөрдөй ишенип койгула», — деди Самыйкожо. 

Буга чейин Бишкекте өткөн Элдик курултайда катышуучулар «желекти өзгөртүүгө эл каршы экенин» айтып, парламент төрагасы Нурланбек Шакиевди бул демилгесинен баш тартууга чакырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтып, Элдик курултайдын катышуучуларынан колдоо сураган.

Тууну өзгөртүү демилгеси

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макулдугун берсе, сегиз эл өкүлү каршы болгон.

Айрым депутаттар «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айткан. Ал эми Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка бирөө тууну өзгөртүүгө «макул» деп добуш берип койгонун айтып чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунушташууда.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Бирок, соцтүйүндүн айрым колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент тууну өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин айтып, элден колдоо сурады

Тууну өзгөртүү демилгеси: Мамлекеттик катчы депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деген тилекте