Лейлек: Жашы жете электерге нике кыйган молдолорго иш козголду

Баткен облусунун Лейлек районунда жашы жете электерге нике кыйып жүргөн 63 жаштагы молдо кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 25-декабрда Баткен ОИИБинен билдиришти.

Шектүү. Сүрөт: Баткен ОИИБи.

Маалыматка ылайык, шектүү аталган райондун аймагында диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди сактабай, жашы жете электерге нике кыйып жүргөн. 

Аталган факт боюнча Лейлек РИИБи тарабынан «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. 

Андан тышкары, район аймагында жыл ичинде жашы жете электерге нике кыйган дагы эки факт аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылы 16-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынын 63 жаштагы имамы 17 жаштагы кыз менен 27 жаштагы жаранга нике кыйганы үчүн кармалган. Ысык-Ата районунда да 21-жаштагы жигитти 15 жаштагы кыз менен никелештирген айылдын имамы кармалганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдап кеткен учурлар аз эмес. Кыздар зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө дагы, айрыкча сексуалдык зомбулукка көп кабылат.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Чүй: Жашы жете элек кызга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду

Чүйдө 21 жаштагы бала менен 15 жаштагы кыздын никесин кыйган имам кармалды