Минкаб: Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11, 88 чакырымы такталды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 11,88 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу 23-декабрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобу Тажикстандын Бустон шаарында 17-декабрда жолуккан. Жолугушуу 23-декабрда жыйынтыкталды.

Минкабдан сүйлөшүүлөр «достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн» белгилешти. Тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Чек араны тактоо боюнча кийинки жолугушуу Кыргызстанда болору маалымдалды. Минкаб азырынча даана кайсыл жерлер такталганын ачыктаган жок.

Буга чейин, эки өлкөнүн топографиялык жумушчу тобунун жолугушуусу 8-14-декабрь аралыгында Кыргызстанда өткөн. Анда кыргыз-тажик чек арасынын 47 чакырымы мукулдашылганы айтылган. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын белгилесе, президент Садыр Жапаров чек ара меселеси 2024-жылдын жазында чечилерин айткан.

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйү

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 километрди түзөт. Эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикири бар экенин айтышкан. Такталбаган жерлердин айынан Тажикстанга чектеш аймактарда — Баткен, Ош облустарында утур-утур жаңжал чыгып турат.

2021 жана 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасында чыккан ири жаңжалдан бери Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилеси солгун бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек арасы 2021-жылдын апрелинен бери жабык турат.

Чек арадагы өткөн жылкы эң ири куралдуу жаңжалда 63 кыргызстандык каза тапкан — алардын 51и аскер кызматкери болчу. Жаңжалдын кесепетинен дагы 206 адам жаракат алган

Ал эми Тажик бийлиги жаңжалда 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган. Жаңжалга эки өлкө бири-бирин айыптаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47 чакырымы макулдашылды  

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасынын 90%ы макулдашылганын билдирди