Массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган Мелис Аспеков ооруканага жаткырылды

Массалык башаламандыкка жана кылмышка даярдык көрүүгө шектелип камалган активист, Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспеков бир нече күн мурда кардиологиялык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу активисттин уулу Аалы Аспеков фейсбук барагында билдирди.

Мелис Аспеков. Сүрөт Аспековдун фейсбук барагынан алынды.

«Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин дарыгерлер атамдын жүрөк оорусу күчөп жатканын айтышты. Нормасы 60 боло турган жүрөктүн согушунун фракциясы 48ге түшүп калган. Атамдын жүрөгү кыйналып, жүрөк камералары барган сайын кеңейип барат», — деп жазды активисттин уулу. 

Аспековдун айтымында, атасынын кан басымы оор стресстен улам көтөрүлгөн. Ошондой эле ал, Аспеков эки жыл мурда төрт жүрөк кан тамырын алмаштырган операцияны баштан кечиргенин белгилеп, үй камагына коё берүүнү суранды.

Буга чейин, 18-декабрда Акыйкатчы институттун өкүлдөрү Мелис Аспековдон кабар алышкан. Анда ТИЗО-1дин кызматкерлери Аспеков 21-декабрда жеке клиникага текшерүүгө жиберилерин билдиришкени айтылган.

Аны менен катар 27-декабрда буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы Бектур Асанов тез арада операцияга муктаж экени айтылды. Анын жактоочусу Гулнара Журабаева тергөө абагынын администрациясы саясатчыны «ооруканага жаткыруу боюнча суранычтан баш тартып жатканын айтып, аны кыйноо» деп атады. 

 Аспековдун кармалышы 

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, активист Мелис Аспеков кайрадан кармалганы тууралуу үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында белгилүү болгон. Ага «Кылмышка даярдык көрүү» жана «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылган.

Мурдараак соцтүйүндө үнү Аспековго таандык делген аудио тараган. Анда активист абактагы Аскат аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны бошотууга аракет кыларын айтып, колдоого чыкканга бала сураганы айтылат.

Мурда Аспеков «Алдамчылык» жана «Акча опузалоо» боюнча жети жылга кесилип, ырайым менен бошотулган. Кийин ал УКМК «10 миң доллардан ашык акчасын кайтарып бергенин, бул анын жүз пайыз күнөөсүз экенин билдирерин» айтып чыккан. УКМК аны төгүндөп, каражаттын тергөөгө тиешеси жок экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акыйкатчы институту абактагы активисттер Жоробеков менен Аспековдон кабар алды

Массалык башаламандык, кылмышка даярдык көрүү. Активист Мелис Аспеков кайра кармалды