«Элди адаштыруу аракети». УКМК Аспеквого кайтарылган каражат боюнча түшүндүрмө берди

28-августта УКМК «Алдамчылык» жана «Акча опузалоо» боюнча жети жылга кесилип, ырайым менен бошотулган активист Мелис Аспековдун кармоо учурунда алынган акчасы кайтарып берилгени боюнча түшүндүрмө берди.

Атайын кызматтан Аспеков «тинтүү учурунда алынган акчанын кайтарылганы менен күнөөсүз экенин далилдеп, жалган маалымат таратууда» деп билдиришти. Мекемеден каражаттын тергөөгө тиешеси жок экенин, ал мыйзамга ылайык кайтарылганын баса белгилешти.

«Аталган мүлктү мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн контекстинде талкуулоого болбойт. Кылмышкердин фактыларды алмаштыруу менен өзү жөнүндөгү коомдук пикирди өзгөртүүгө, өзүнө кандайдыр бир деңгээлде көңүл бурдурууга жана жасаган кылмышына ойдон чыгарылган саясий баа берүүгө болгон курулай аракети ачык көрүнүп турат», — дешти атайын кызматтан.

Буга чейин Мелис Аспеков УКМК «10 миң доллардан ашык каражатын кайтарып бергенин» кабарлап, бул анын «жүз пайыз күнөөсүз экенин билдирерин» айткан.

Ошондой эле ал пара менен кармалбаганын эскертип, аны бирге колго түшкөн Улан Жураевдин куру сөзүнүн негизинде соттошконун билдирген.

Аспековдун иши

Мелис Аспеков мурда президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында УКМК аны «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Улан Жураев аттуу активист менен бирге ишкананын жетекчилигин «финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, “Кыргыз темир жолуна” каршы митинг уюштурабыз» деп коркутуп, акча опузалашкан. 

Ошол кезде президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров Аспековдун кармалышы боюнча оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп айткан.

Кийин активист Жапаров шайлоо кампаниясына «экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган» деп билдирүү жасаган.

Көп өтпөй Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райондук соту «арыз кыргызча жазылган эмес» деген жүйө менен кайтарып берген.

Ошол эле жылдын 12-майында фейсбукта Аспековду «финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып үч ай кыйнашканы» тууралуу билдирүү тараган. Бирок УКМК аны четке каккан.

Көп өтпөй Аспековго каршы дагы бир кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Аспеков бир аялга тууганын абактан бошотуп берем деп убадалап, 15 миң доллар алдап алган.

Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, жүрөгүнө операция жасалган. Кийин ал ТИЗО-1ге которулган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 30-майында «алдамчылык» жана «акча опузалоо» боюнча 7 жылга кесилген Аспеков ырайым менен бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президенттин мурдагы тарапташы Мелис Аспеков ырайым менен абактан бошотулду

«Күнөөсүз экенимди билдирет». Аспеков УКМК анын 10 миң $ ашык акчасын кайтарып бергенин айтты