Акыйкатчы институту абактагы активисттер Жоробеков менен Аспековдон кабар алды

Афтандил Жоробеков жана Мелис Аспеков

18-декабрда Акыйкатчы институнун кызматкерлери Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына барып, камалгандардын абалы менен таанышты. Алардын арасында «Массалык башаламандык уюштурууга» шектелип жаткан активисттер Афтандил Жоробеков жана Мелис Аспеков дагы бар.

Маалыматка ылайык, Жоробеков абакта кармоо шартына жана ден-соолугуна арыздынган эмес. Активист ага коюлган «баш коргоо чарасына макул эместигин айтып, буга байланыштуу анын жактоочусу баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызы менен кайрылганын» билдирди.

«Афтандил Жоробековдун камерасына кирген кезде алты адам кармалып турган, экөөнү иликтөө иштерине алып кетишкен, дагы экөө сейилде экени белгилүү болгон. Аталган камерада он адам жайгаштырылган болсо, ошол эле маалда камерага 8 керебет гана коюлган. Мекеменин кызматкерлери кармалган эки адамды таңга маал алып келишкенин жана ушул эле күнү башка мекемеге которуларын маалымдашты», — деп айтылат Акыйкатчы институнун билдирүүсүндө.

Ошондой эле институттун өкүлдөрү «Массалык башаламандыктар» беренеси менен кайрадан кармалган Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, жарандык активист Мелис Аспековдон да кабар алышканын маалымдашты. Буга чейин Аспековдун жүрөгү ооруганына байланыштуу ден соолугун кароодон өткөрүү боюнча арыз келип түшкөн.

ТИЗО-1дин кызматкерлери Аспеков 21-декабрда жеке клиникага текшерүүгө жиберилерин билдиришти.

Жоробеков менен Аспековдун кармалышы

Жарандык активист Автандил Жоробеков 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү пландап жатканда кармалган

Жоробековдун адвокаты Махабат Мамасалиеванын айтымында, милиция активисттин 6-декабрда Фейсбуктагы барагына жүктөлгөн видеого көңүл бурган. Ал видеодо Жоробеков бийлик «өлкөдө жашоо оңолот деп дайыма убада берип, бирок ал аткарылбай, эми болсо ал өлкөнүн өнүгүшүнө желек тоскоол болуп жатат деп чечкенине» нааразы болгон. Активист желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдирген.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, активист Мелис Аспеков кайрадан кармалганы тууралуу 30-сентябрда белгилүү болгон. Ага «Кылмышка даярдык көрүү» жана «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылууда.

Мурдараак соцтүйүндө үнү Аспековго таандык делген аудио тараган. Анда активист абактагы Аскат аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны бошотууга аракет кыларын айтып, колдоого чыкканга бала сураганы айтылат.

Мурда Аспеков «Алдамчылык» жана «Акча опузалоо» боюнча жети жылга кесилип, ырайым менен бошотулган. Кийин ал УКМК «10 миң доллардан ашык акчасын кайтарып бергенин, бул анын жүз пайыз күнөөсүз экенин билдирерин» айтып чыккан. УКМК аны төгүндөп, каражаттын тергөөгө тиешеси жок экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып кармалды

Массалык башаламандык, кылмышка даярдык көрүү. Активист Мелис Аспеков кайра кармалды