«Күнөөсүз экенимди билдирет». Аспеков УКМК анын 10 миң $ ашык акчасын кайтарып бергенин айтты

«Алдамчылык» жана «Акча опузалоо» боюнча жети жылга кесилип, ырайым менен бошотулган активист Мелис Аспеков УКМК «10 миң доллардан ашык каражатын кайтарып бергенин» билдирди. Бул тууралуу ал 27-августта фейсбук барагына жазды.

«УКМК мага 10 миң доллар жана 15 миң сом кайрып берди. Бул каражатты мени Дашков боюнча мыйзамсыз кармап жатканда өз ыктыярым менен бергем. Мени каралаган видеодо ушул акчаларды пара менен кармалгандай кылып көргөзүшкөн», — деди ал.

Аспеков акчанын кайтарып берилиши «анын жүз пайыз күнөөсүз экенин билдирерин» белгилеп, ал «пара алып жатканда кармалбаганын» кошумчалады.

«Токулган иште бир да сом далил катары аныкталган эмес, күнөөлүү экенимди тергөөчү жана сот далилдеп бере алган жок. Улан Жураевдин [Аспеков менен бирге кармалган активист] куру оозеки сөзү менен соттошту. Уланды да кыйнап, сүйлөөгө мажбурлашкан», — деди ал.

Сөз болуп жаткан каражат тууралуу УКМКдан маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Аспековдун иши

Мелис Аспеков мурда президент Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын январында УКМК аны «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Улан Жураев деген активист менен ишкананын жетекчилигин «финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, “Кыргыз темир жолуна” каршы митинг уюштурабыз» деп коркутуп, акча опузалашкан.

Ошол кезде президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров Аспековдун кармалышы боюнча оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп айткан.

Кийин активист Жапаров шайлоо кампаниясына «экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар алган» деп билдирүү жасаган.

Көп өтпөй Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райондук соту «арыз кыргызча жазылган эмес» деген жүйө менен кайтарып берген.

Ошол эле жылдын 12-майында фейсбукта Аспековду «финполдун экс-башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылып үч ай кыйнашканы» тууралуу билдирүү тараган. Бирок УКМК аны четке каккан.

Көп өтпөй Аспековго каршы дагы бир кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Аспеков бир аялдын тууганын абактан бошотууну убадалап, 15 миң доллар алдап алган.

Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, жүрөгүнө операция жасалган. Кийин ал ТИЗО-1ге которулган.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 30-майында алдамчылык жана акча опузалоо боюнча 7 жылга кесилген Аспеков ырайым менен бошотулган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды

Президенттин мурдагы тарапташы Мелис Аспеков амнистия менен абактан бошотулду