Тарыхый мурастарды изилдөөгө 600 млн сомго жакын каражат бөлүндү

Кыргыз өкмөтү тарыхчыларды колдоо максатында алдыдагы беш жылга 5 млн 840 миң 746 сом бөлдү. Бул тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов фейсбук барагында билдирди. 

Байсаловдун айтымында, президент кол койгон «Кыргызстандын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» жарлыкты аткаруу максатында мамлекеттик казынадан ири суммадагы каражат төмөндөгүдөй бөлүнөт:

  • 2024-жылга — 1 млн 569 миң 356 сом;
  • 2025-жылга — 1 млн 311 миң 165 сом;
  • 2026-жылга — 1 млн 931 миң 542 сом;
  • 2027-жылга — 1 млн 286 миң 83 сом.

Андан тышкары, Байсалов тарыхчы Абылабек Асанкановдун видео кайрылуусун бөлүшкөн. Анда Асанканов алдыда «Көөнө тарых сырлары» долбоору менен Кыргызстандын тарыхын этнографиялык-архелогогиялык жактан изилдөө максаты коюлганын айтат.

«Мына ушул изилдөөлөргө кыргыз өкмөтү чоң каражат бөлүп жатат. Акыркы 30 жылдын ичинде мындай каражат эч бөлүнгөн эмес. Археологдор менен этнографтар, бөлүнгөн каражатты колдонуу менен 5 жыл ичинде жакшы изилдөөлөрдү жүргүзүп, ийгиликтерге жетебиз деп ишенем», — деди тарыхчы. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

ЖК: Репрессия курмандыктарынын ысымын актаган комиссия түзүү сунушталды

Өлкөдө кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө институту түзүлөт