Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузду

Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы буга чейин коррупцияга аралашканын мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Сагынбек Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн тосмосун бузду. Маалыматты «Клоопко» 8-январда шаардык мэриядан тастыкташты.

Ош мэриясы экс-бажычы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузуп жатат. Сүрөт: Даткабек Шабданбеков / Azattyk.

Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев «Азаттыкка» экс-чиновниктин үйүнүн тосмосунун тогуз метри муниципалдык жерге курулганын билдирди. Мэрия декабрдын аягында короону курчаган дубалды алуу тууралуу эскертүү берген.

Матраимовдор азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин, 2023-жылы 21-декабрда эркин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Райымбек Матраимов Ош шаарынын борборундагы муниципалдык жолдордун бирине «тосмо орнотуп, менчигине өткөрүп алганы тууралуу» сюжет жарыялаган.

Ал эми өткөн жылы 22-декабрда Ош шаардык менчик башкармалыгынан «Клоопко» Матраимов тосуп алган муниципалдык жолдогу дарбазалар алынып, жол ачылганын билдиришкен.

Журналист буга чейин УКМКнын төрагасы «мафия» деп атаган экс-бажычы Райымбек Матраимов Ош шаарындагы «Келечек» балдар борборунун жанында жайгашкан муниципалдык менчикти, тактап айтканда, жолду тосуп, өзүнө унаа токтотуучу жай катары колдонуп келгенин билдирген.

Ошондой эле Исаков Оштун борборунда жайгашкан спорт аянтын Ош айыл чарба техникумунун мурдагы директору Сейитбек Аматов Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаевага сатып жибергенин жана аталган жер азыркыга чейин мамлекеттин карамагына кайтарылбаганын эске салган. 

Райымбек Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон. Бул тууралуу 2020-жылы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP’нин журналисттери бажыдагы коррупциялык схемалар тууралуу иликтөөсүндө айтып беришкен.

2021-жылдын башында Биринчи май райондук соту Матраимовду коррупцияга күнөөлү деп таап, ага 260 миң сом айып пул төлөө өкүмүн чыгарган. Бажы төрагасынын экс-орун басары өзү да коррупцияны мойнуна алып, бюджетке келтирилген зыян үчүн 2 млрд сом төлөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Исаковдун иликтөөсүнөн кийин Райымбек Матраимов ээлеп алган муниципалдык жол ачылды

Ташиев: Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 225 мамлекеттик кызматкер аныкталды