Жалал-Абад: 31 жаштагы тургун 14 жашар кызды мейманканада зордуктоого шектелүүдө

Жалал-Абад шаарында 31 жаштагы тургун меймканалардын биринде 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» 9-январда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы тургун Аксы РИИБине арыз менен кайрылып, 2-январь түнкү саат 22:00 чамасында 14 жаштагы кызын 31 жаштагы киши Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде зордуктаганын билдирген. 

Милиция окуяга байланыштуу тиешелүү экспертизаларды дайындаган. Иликтөө иштеринин натыйжасында, арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн шектүү Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын 31 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Учурда териштирүү иштери уланып жатат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле кезде ички иштер министри Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатканын айткан.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 12-августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоо аракет кылган 42 жаштагы шектүү кармалды