Жаза аткаруу кызматы «Женго» абакта каза болду деген маалыматты төгүндөдү

Кадырбек Досонов.

9-январда Жаза аткаруу кызматы «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досонов абакта каза болду деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин социалдык тармактарда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Досонов каза болгону тууралуу маалымат тараган.

Бул маалыматты Досоновдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева да четке какты. Кримтөбөлгө карата Ош шаарында козголгон кылмыш иши сотко өткөнү белгилүү болду.

Досонов Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө, ал эми анын шеригин сабоого шектелип өткөн жылдын 13-январында кармалган. Ошол эле жылдын 24-ноябрында ал башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган.

Досонов «уурулук түшүнүктөрүнөн» 2023-жылдын октябрында, тагыраагы, УКМК кримтөбөл камчы Көлбаевди атайын операция учурунда жок кылгандан кийин баш тартканын билдирген.

Кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кримтөбөл абакта отуруп алып дагы деле кылмышкерлерди башкарып, ишкерлерди «алым» төлөтүп жатканын билдирген. Ал Досоновду токтотуу үчүн «болгон күчүмдү жумшайм» деп белгилеген.

Акыркы эки жылда Кыргызстандагы абакта жатып бир нече киши каза болду. Өткөн жылы Дөө Чыңгыз каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов каза болгон. Кийин анын өлүмүнө Көлбаевдин катыштыгы бар экени айтылган.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Женго криминалдык ишин улантып жатат. Аны токтотконго болгон күчүмдү жумшайм