«Үч күн сабаган». Кадамжайда 23 жаштагы келиндин өлүмүнө шектелип күйөөсү кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Масалиев айылында 23 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип күйөөсү кармалды. Маалыматты 11-январда «Клоопко» облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, шектүүгө «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө.

Turmush басылмасы маркумдун жакындарына таянып, окуя 2-январда болгонун жазып чыкты. Анда келин көчөдө качып бара жатканда күйөөсү өлтүргөнү айтылат.

«Ал аялын үч күн ур-токмокко алып, келин жакындарынан жардам сурап, натыйжа болбогондо качып бара жаткан. Маркум келин сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок, 1-топтогу майып болгон», — деп жазды басылма.

Маркум келиндин бир тууган агасы буга чейин да чыр-чатак көп болуп, карындашы күйөөсүнүн ур-токмогунан ооруканага жатып чыкканын айтты. Ал сот туура чечим кылып, шектүү татыктуу жазасын алыш керектигин белгиледи.

«Карындашым айдын башында эле эжелерине күйөөсү менен урушуп жаткандыгын кабарлаган. Бирок дайымкы эле уруш деп маани бербептирбиз. Ал үч күн токмоктолгон. Кийин качып бара жаткан жеринен кармап, чачынан сүйрөп, башын жанчып, муунтуп өлтүргөн. Ал жерде кичине кызы да болгон. Алыстан келе жаткан айылдаштары көрүп чуркап келгенде, күйөөсү качып кеткен. Тез жардам менен ооруканага барганда каза болгон экен», — деди маркумдун бир тууганы.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун миңдеген учурлары катталып, жабырлануучуга берилген коргоо ордеринин саны жыл сайын көбөйүүдө. Акыркы үч жылда өлкөдө коргоо ордерин алган 8,5 миңден ашуун адам катталган.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсү көрсөткөндөй, дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет.

Ал эми аялдардын күйөөсү, жарандык никедеги чогу жашаган адамы же мурдагы өнөктөшү тарабынан өлтүрүлүшү фемицид деп аталат.

2023-жылдын октябрында Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Бул көрсөткүч Кыргызстан экинчи жыл катары менен Борбор Азия чөлкөмүндөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп атканын айтып турат.

Ошого карабай айрым аткаминерлер үй-бүлөлүк зомбулук өлкөдө сейрек кездешкен көрүнүш деп эсептейт. Мисалы, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков. Ал зордук-зомбулуктун көбөйгөнү тууралуу статистиканы «кызыктар тараптардын саясаты» деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ: Өлкөдө жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 миңден ашык учуру катталды

Бир график менен: Орунбековго өлкөдө аялдар тынымсыз сабаларын түшүндүрөбүз