УКМК: Сокулукта «жер мафиясын» уюштурууга шектелип 5 киши кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда «жер мафиясын» уюштурууга шектелген 2 киши жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу 12-январда УКМКдан билдиришти.

Мааламытка ылайык, «жер мафиясын» жана коррупциялык схеманы уюштурууга шектелген Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну башка адамдарга каттатуу менен жалпы 300 гектар жерге ээлик кылган. Анын орточо баасы 7 млрд 249 млн 500 миң сомду түзөт. 

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана жеке менчик жер тилкелерди мыйзамсыз алып саткан коррупциялык схема бар экени аныкталды.

Атайын кызмат Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Сокулук филиалынын жооптуу кызматкерлери (мурдагы «Кадастр»), Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке нотариустардын ортосунда сүйлөшүп алуу аркылуу жер участокторунун жасалма документтерин берүү менен, кийинчерээк жеке турак-жай куруу үчүн мыйзамсыз мамлекеттик актылар чыгарылганын билдирди.

Аны менен катар, УКМК аталган кылмыштуу иштерди уюштурган жаран «жер тилкелерин сатууну тездетүү максатында атайын адамдарга акча төлөп, 2023-жылы минкабдын имаратынын алдында нааразычылык акцияларын уюштурууга шектелип жатканын» кошумчалады.

Учурда териштирүү иштерип уланып жатат.

Өткөн жылы апрелде президент Садыр Жапаров «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Анда бир катар мекемелерге жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбеши үчүн чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча 13 миң гектар жер айыл чарба багытындагы категорияга кирет, бирок чынында аларга үйлөр курулуп калган. Бул жер тилкелеринин көбүн жарандар 2005-жылдан кийин басып алышкан, кийин алар сатылып, колдон-колго өтүп кеткен.

Автору: Нурпаяз Абытов

ТЕМА БОЮНЧА:

Жерлерди өзүм билемдик менен басып алып курулуш жүргүзүү үчүн жаза күчөтүлдү