Чүй облусунда милиция тиктоктун колдонуучусун кармады

Чүй облусунда массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип тиктоктун колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, тиктоктун «А.Азамат» аттуу колдонуучусу оппозиция жана жарандарга кайрылып, аларды «азыркы бийликке каршы биригүүгө», митинг жана массалык башаламандыктарды жасоого чакырган.

Массалык башаламандыктар жөнүндөгү берене боюнча кылмыш иши козголду.
«Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, А.А.Т. аттуу жарандын чакырыктарында башкаруучу бийликти кулатуунун лингвистикалык белгилери бар», – деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда андан далил буюм катары уюлдук телефон жана ноутбул алынган.

Укук коргоо органдары соцтүйүнгө чыгарган постттору үчүн жарандарды кармап, аларга кылмыш ишин козгогон учурлар көп эле кездешет. Алсак, 2023-жылдын декабрында массалык башаламандыкка үндөгөн пост чыгарган делип фейсбуктун колдонуучусу кармалган. Ага чейин бир ай мурда ушундай эле айып менен дагы эки киши кармалган.

Соцтүйүндөгү посттор үчүн сот активист жана блогер Адилет Балтабайды массалык башаламандыкка чакырган деп күнөөлүү таап, беш жылга эркинен ажыраткан.