Министрлик Бишкектеги № 3 балдар ооруканасында чарчап калган эки жашар баланын өлүмүн иликтей баштады

13-январда эки жаштагы бала дене табы көтөрүлүп, борбор калаадагы №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасына алып келингенден кийин чарчап калган. Маркумдун апасы уулунун өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтууда.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги «Клоопко» 15-январда чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча иликтөө башталганын билдирди.

Эмне болду?

Бишкек шаарындагы №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасына 13-январда дене табы көтөрүлгөндөн кийин алып келинген эки жаштагы наристе чарчап калган. Баланын апасы 15-январда Super.kg басылмасына уулунун өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун билдирди.

Маркумдун энесинин айтымында, уулу 13-январь күнү эртең менен дене табы 37,8ге көтөрүлгөндөн кийин 14:30да ооруканага алып барган. 

«Дарыгер дароо кабыл алып, бир нерсе жутуп алган жокпу деп рентгенге тартышты, баары таза чыкты. Анан жамбашына укол сайып, башка ооруканага барасыңар деп Тез жардам кызматын чакырышты. Балам улам агарып-көгөрүп жатат, кайдагы башка оорукана, азыр жардам бергиле деп сурандым. Анан ингаляция жасап, кислородго отургузушту, андан да майнап чыккан жок. Дарыгер көрүп эле турду, уулум көгөрүп, кайра агарып атты. Карап жаткан дарыгер “менин нөөмөтүм бүттү, башкасы карайт” деп кетип калды. Жаңы келген аял да кирип-чыгып жакшы караган жок. Жакшы көңүл бурулганда балам тирүү калат беле», — деди ал.

Ошондой эле ал, уулунун өлүмүнө байланыштуу ошол эле күнү милицияга кайрылып, медицина кызматкерлерине тиешелүү иш-чараларды көрүүнү талап кылганын белгиледи.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен врачтын кароосунан кийин балага курч стеноздук ларингит диагонозу коюлганын, ошондон жарым саат өткөндөн кийин баланын абалы начарлап, оор дем ала баштаганда реанимацияга которулганын билдиришти. Бейтап ал жерде чарчап калган. 

Ведомстводон учурда баланын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталганын белгилешти. Ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

Милиция эмне дейт? 

Октябрь РИИБи «Клоопко» эки жашар наристенин апасы Бишкектеги оорукананын дарыгерлерине чара көрүү өтүнүчү менен 13-январда кайрылганын маалымдады. Жабырлануучу тарап медициналык кызматкерлер «кесиптик милдеттерин туура эмес аткарганына» байланыштуу 2021-жылы төрөлгөн баласы чарчап калганын билдирген.

Аталган окуя боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Учурда териштирүү иштери уланып жатат. 

Өткөн жылы 18-декабрда Бишкектеги тиш дарылоочу жайлардын биринде 3 жашар кыз чарчап калган. Милиция окуя боюнча «Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу» беренеси менен иш козгоп, кызга ийне сайган анестезиолог дарыгер камакка алынган, ал эми стоматологиялык клиника жабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Тиш доктурда каза болгон үч жашар кыздан өлүмү боюнча иликтөө жүрүп, бир дарыгер камакка алынды