ИИМ Temirov Live’га «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен иш козголгонун тастыктады

16-январда Ички иштер министрлиги Temirov Live жана «Айт Айт Десе» аталышындагы соцтүйүндөгү барактардан «массалык баш аламандыктарга чакырык жаcалганы үчүн» кылмыш иши козголгонун ырастады.

Маалыматка ылайык, алгач милиция кызматкерлери интернетте мониторинг жүргүзгөн. Кийин аталган барактарга жарыяланган материалдарга соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, «массалык башаламандыкка чыкырык жасоонун белгилери бар экени» аныкталган.

«Экспертизанын жыйынтыгында ИИМдин тергөө кызматы “Массалык баш аламандыктар” беренсинин үчүнчү бөлүгү, “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — дешти министрликтен.

Аны менен катар, ИИМден тиешелүү кызматтар бир нече даректе ыкчам тергөө, иликтөө иш-чараларын улантып жатканын кошумчалашты. 

16-январь күнү таң эрте бир катар журналисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, күч органдарынын кызматкерлери суракка алып кетишкени кабарланды. Алардын көпчүлүгү Temirov Live командасында иштеген же иштеп кеткен журналисттер экени айтылат. 

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери суракка алып кеткендердин арасында «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек уулу да бар. Министрлик ал дагы ушул эле иш боюнча суракка чакырылганбы-жокпу ачыктаган жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир нече эркин медианын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алып кеткени айтылууда

24.kg’деги тинтүү: Басылмага «Согушту пропагандалоо» беренеси менен кылмыш иши козголду