Үй камагына чыккан «Коён» каймана аттуу Низамов 4 күндөн кийин кайра кармалды

16-январда Ош шаарында «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Ал буга чейин алдымчылыкка шектүү катары кармалып, 12-январда эле үй камагына чыккан. Бул тууралуу «Клоопко» 18-январда ИИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, январь айында милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ага эки киши зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, 70 миң сом акчасын тартып алганын, андан сырткары дагы 200 миң сом акча талап кылып, эгер бербесе «ар-намыска шек келтирген маалыматты таратабыз» деп коркутушканын билдирген.

Бул факт боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 16-январда шектүүлөр Ош шаарындагы унаа токтотуучу жайлардын биринде опузалаган акчанын 100 миң сомун алып жатканда кармалды.

Кылмышка шектүү жана анын шериктери убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Беш жолу соттолгон «Коён» 

Низамов «Алдамчылык» беренесинин негизинде козголгон кылмышка шектүү катары үстүбүздөгү жылы 10-январда кармалган. 12-январда Ош шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, «жабырлануучу менен жарашканы жана жашы жете элек бир кызы бар экенин» эске алуу менен үй камагына чыгарылган.

Ал үстүбүздөгү жылы эле укук коргоо кызматкерлери тарабынан бир нече жолу кармалып, соттор тарабынан үй камагына чыгарылган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2015-жылдан бери 5 жолу соттолгон.

Өткөн жылы 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, ал эми маркумдун өзгөчө бут органдары каттуу жабыркаган 28 жаштагы шериги — Майрамбек Низамов оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн болчу

Кийинчерээк, ошол эле жылы 22-июлда, Низамов Ош шаарынын 22 жаштагы тургунун бычактап, бирок 29-августта эки тарап «өз ара ынтымак-достук келишимине келгенине» байланыштуу кылмыш иши жабылган

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов кайрадан үй камагына чыгарылды

Ош: «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов дагы эки кылмышка шектелип кармалды

Ош: Адам бычактоого шектелип кармалган «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов бошотулду

Ошто «Коён» каймана аттуу Майрамбек Низамов адам бычактоого шектелип кармалды