Ысык-Көл: Президент УКМКнын жаңыланган имаратын ачты

18-январда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда УКМКнын башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.

Жапаров иш-чарада «аталган имарат өлкө коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, улуттар аралык ынтымакты сактоо, коомдун саясий-социалдык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө болот» деген ишенимин билдирди.

«УКМКнын облустардагы башкармалыктары өзүнө тагылган милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарып келе жатышат. Бирок бардык эле жоопкерчиликти коопсуздук органдарынын кызматкерлерине жүктөй бербестен, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши», — деди ал.

Өлкө башчысы сөзүнүн аягында башкармалыктын кызматкерлерине бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалап, жаңыланган шарттарды көрүп чыкты.

1976-жылы курулган бул имараттын 2 миң чарчы метрден ашык жери жана 517 чарчы метрди түзгөн спорт залы оңдоп-түзөөдөн өтүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча курулуш болгон. Ошондой эле 1000 чарчы метрге асфальт төшөлгөнү айтылат.

УКМКнын жаңы же болбосо толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттары 2021-жылдын сентябрынан бери ачылып келет. Буга чейин декабрь айында Баткен облусундагы башкармалыгынын жаңы имараты ачылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Президент Садыр Жапаров УКМКнын жаңы имаратын ачты