Жалал-Абадда мылтыктын огунан жараланган 5 жашар кыз ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарында тир мылтыгынын огу тийип, ичегилерин тешип кеткен 5 жаштагы кыз ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Клоопко» 18-январда облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу милицияга 17-январь саат 19:17де маалымат келип түшкөн. Анда Тайгараев айыл аймагынын Чапкындык көчөсүнүн тургуну ошол күнү саат 16:52де таякесинин 6 жаштагы уулу тир мылтыгы менен ойноп жатып, 5 жашар кызынын ичине байкоосуздан атып алганын айткан.

Жыйынтыгында, жабырлануучу облустук балдар хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Кактус» басылмасы облустук оорукананын тиешелүү адисине таянып, «ок кыздын ичегилерин тешип кеткенин, ага ийгиликтүү операция жасалганын жана учурда абалы туруктуу» экенин жазды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокенде 42 жаштагы киши мылтыктан ок чыгарып, 15 жаштагы өспүрүм каза тапты

«Куралды этиятсыз колдонгон». Ошто кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы жоокер каза тапты