УКМК «Берекет» базарынын жетекчилерин «ири өлчөмдө алдамчылыкка» шектеп кармады

Болотбек Бегалиевди жана Индира Абласова. Сүрөт: УКМК

УКМК «Берекет» базар комплексинин негиздөөчүсү Болотбек Бегалиевди жана башкы директору Индира Абласованы «ири өлчөмдө алдамчылыкка» шектеп кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан 19-январда кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар базардагы соодагерлерге жагымдуу шарттарды түзүү жана ижара акысын төмөндөтүү демилгеси боюнча текшерүүнүн алкагында кармалды.

«Алар өз кезегинде, соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысы 30% арзандаганы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат берип, ижарачылардын 90%ына гана ижара акысын 10%га төмөндөтүшкөн», — дешти атайын кызматтан.

Ошондой эле базардын жетекчилери 2017-жылдан бери «алдамчылык кылуу максатында кылмыштуу бүтүмгө барып, ижарачыларга укук белгилөөчү документтерди бербей жүрүшкөнү айтылат.

«Ижарачыларды коркутуп, базардагы жайларды сатып алуу жана сатуу боюнча жалган келишим түзүүгө мажбурлашкан, алардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2000 АКШ долларына чейин болгон», — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызматтан базардын админитсрациясы «соодагерлердин эсебинен мыйзамсыз баюу максатында келишимин түзүп жатканда аларды 500дөн 1000 долларга чейин көмүскө компенсация төлөөгө мажбурлаганын» белгилешти.

«Соода аянттарын жасалма саткандан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдө ижара акысын да алышкан. Коммерциялык жайлардын жасалма ээлери өз жерлерин башкаларга кайра саткан учурда, “Берекет” жабык акционердик коомунун демилгеси жана мажбурлоосу менен, жагымсыз шартта аталган жайды “Берекет Грандга” кайра каттатуу үчүн соодо борборуна 100 миң сом жана сатуудан түшкөн пайданын 50 пайызын төлөп беришкен. Бул бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттарды түзгөн», — дети атайын кызматтан.

УКМКдан азыркы тапта бул ишке тиешеси бар башка да кишилерди аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

62 жаштагы Бегалиев 2004-2008-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ал эми 2015-жылы «Республика – Ата-Журт» партиясынан, 2021-жылы №25 Аламүдүн шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон.

Буга чейин өлкөдөгү бир катар базарлардын жетекчилери ижара акысын негизсиз жогорулатуу, сатуучулардан мыйзамсыз акча чогултуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга шектелип кармалды. Ал эми «Баткен-Комфорт» базарынын акциялары мамлекеттин менчигине өттү.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Баткен-Комфорт» базарынын акциялары мамлекеттин менчигине өттү