Жапаров: Мындан ары тышкы карыз алууда чочулоого эч кандай негиз жок

Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бийлик мурда алынган тышкы карыздарды 2035-жылга чейин төлөп бүтүрөт деп билдирди. Бул тууралуу ал 22-январда «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган мегинде айтты.

Ал мурда алынган карыздар «өзүн актабай, мамлекетке пайда келтирбей, кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткенин» белгиледи. 

«Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок», — деди ал.

Жапаров тышкы карызды эки-үч жылда төлөп салууга мамлекеттин кудурети жетерин айтып, бирок келишимге ылайык, бул Кыргызстан үчүн пайдасыз экенин кошумчалады.

Ошондой эле ал мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок экенин белгиледи. Анын айтымында, азыркы тапта карыздар «жети өлчөп, бир кесилип» алынып жатат.

«Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор — мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор. [...] Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок», — деди ал.

Өткөн жылы президент мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд долларды түзгөнүн белгилеп, аны бийлик өз мөөнөтүндө төлөп жатканын айткан. Ошондой эле ал бюджеттен карызды төлөөгө 2024-жылы 64,7 млрд, ал эми 2025-жылы 75,1 млрд сом каралганын кошумчалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет, аны мөөнөтүнөн мурда төлөө бизге пайдасыз

Акылбек Жапаров: Тышкы карызды азыр да төлөп койсок болот, бирок эрте төксөк үстөгү көбөйүп кетет