Кызыл-Кыяда окуучуну сабаган «Сапат» лицейинин мугалими кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинде окуучуну сабаган мугалим кармалып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу «Клоопко» 25-январда облустук милициядан билдиришти. 

Милициянын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 22-январь саат түнкү 22:30 чамасында 16 жаштагы окуучу жатакананын бөлмөсүндө «достору менен сүйлөшүп отуруп, бакырып күлгөндүктөн аны 35 жаштагы мугалим коридорго алып чыгып, бетине урганы» маалым болгон. 

Аталган факт боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, мугалим убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жашы жете элек 16 жаштагы окуучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. 

Учурда дагы башка окуучулардын токмоктолушу боюнча текшерүү иштери башталды.

24-январда Исхак Раззаков атындагы эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин мугалими окуучуну сабаган видео тараган. Анда мекеменин мугалими жатакананын коридорунда окуучуну бир нече жолу бетке чаап, токмоктогонун көрүүгө болот. Кийин окуучуну сабаган мугалим жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары иштен бошотулган.

Алдын ала маалыматка ылайык, окуучуну сабаган мугалим Түркмөнстандын 35 жаштагы жараны. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Окуучуну сабаган «Сапат» лицейинин мугалими жана тарбия завучу иштен бошотулду