Ташиев Матраимовдун бардык мүлкү мамлекетке алынарын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин коррупцияга аралашканын мойнуна алган экс-бажычы Райымбек Матраимовдун бардык мүлкү мамлекетке алынарын айтты. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы 27-январда Кара-Суу базарынын соодагерлери менен болгон жолугушууда билдирди.

«Анын Ош облусунун тегерегиндеги, Кыргызстандын тегерегиндеги бардык мал-мүлкүн алабыз, бир сотых жерин калтырбайбыз. Ал жөнөкөй адам болуп, кайтып келсе да мурдагы кыйын, “Раим миллион” болбойт эми. Кара-Сууга барып, силердин араңарда соода кылса, жанын багат. Антпесе өзүнө кыйын болот. Мурдагыдай бир дагы клан болбойт», — деди Ташиев.

Ошондой эле атайын кызматтын төрагасы буга чейин Матраимовдун Бишкек менен Ошто 80 млн долларлык мүлкү конфискация болгонун билдирди. Ташиевдин айтымында, Матраимов буга чейин көптөгөн ишканаларды, курулуш, жер тилкелерин, завод, фабрикаларды алып койгон.

Аны менен катар, Ташиев Матраимовго байланыштуу Ош облусу боюнча 50гө жакын ар кандай мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматтан алынганын кошумчалады.

Азыр Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайда экени белгисиз. Өткөн жылдын этегинде анын өлкөдөн чыгып, Дубайга учуп кеткени кабарланган.

Матраимовго издөө жарыяланганы тууралуу бир күн мурун белгилүү болгон. Ал «Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда мажбурлап кармалган адамдын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү» беренеси боюнча шектелип жатат. Азырынча иштин башка жагдайлары белгисиз.

Дагы окуңуз: Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

ТЕМА БОЮНЧА:

Ташиев: Кара-Суу базары толугу менен мамлекеттин менчигине өтөт

«Матраимов “Матиз” минип жүрсүн». Ташиев маморгандарда «мафиядан тазалоо» жүрүп жатканын айтты