Эки жумадан ашык убактылуу кармоочу жайда кармалып турган 11 журналист ТИЗОго которулду

Жапырт кармалган 11 ЖМК өкүлү.

Temirov Live командасынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкери 29-январь күнү саат 14:00дө Бишкектеги ТИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Улан Сейитбеков билдирди. 

Журналисттер 17-январдан бери Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган. Бирок мыйзамга ылайык, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык кармаса болбойт. Айрым учурларда гана соттун өкүмү менен ал жерде кармоо мөөнөтү 10 күнгө узартылышы мүмкүн.

Эки айга тергөө абагына киргизилет делген 11 журналисттин убактылуу кармоочу жайда кармалып турганы тууралуу 29-январда белгилүү болгон. Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору бул жагдан мындан ары кыйноо катары бааланарын билдирген.

Жапырт кармалган 11 журналист

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери Temirov Live командасынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин үйүн тинтүүгө алып, алар күбө катары сурак берерин айтып күчтөп тергөө бөлүмүнө жеткиришкен. Эртеси Биринчи май райондук соту алардын баарын эки айга ТИЗО-1ге киргизген:

  • Махабат Тажибек кызы;
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков;
  • Сайпидин Султаналиев;
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков;
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев;
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

ИИМ алар «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча козголгон ишке шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айып Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган үч материал боюнча лингвистикалык экспертизанын негизинде коюлган.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров ИИМдин журналисттер жарыялаган материалдарда «массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар» деген билдирүүсүн четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Камалган 11 журналисттин жакындары «Парк отелде» макулдашылган маалымат жыйынды эшикте өткөрдү