Камалган 11 журналисттин жакындары «Парк отелде» макулдашылган маалымат жыйынды эшикте өткөрдү

Жапырт камалган 11 журналисттин жакындары Бишкектеги «Парк отель» мейманаканасы менен макулдашылган маалымат жыйынын эшикте өткөрүүгө мажбур болушту. Бул тууралуу 26-январда «Азаттык» басылмасы билдирди

Жапырт камалган журналисттердин жакындары. Сүрөт: «Азаттык».

Маалыматка ылайык, мейманкананын жетекчилиги имараттын ичинде «Суу таамп жатат» деген жүйө келтирип, жыйын өткөрүүгө уруксат бербей койду. 

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова «залдын тамчы тамбаган бир бурчуна маалымат жыйын өткөрсө боло турганын айткан, бирок мекеменин кызматкерлери ага да макул болушкан эмес».

Чогулгандардын айтымында, мейманаканын жетекчилиги отелдин залында маалымат жыйын өткөрүүгө болбой турганы тууралуу алдын ала маалымат беришкен эмес. Алар бийликти журналисттерди бошотууга чакырышты.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Temirov Live командасынын азыркы жана мурдагы 11 кызматкеринин баш коргоо чарасын карап, баарын эки айга ТИЗО-1ге киргизген. Алар:

  • Махабат Тажибек кызы;
  • Сапар Акунбеков;
  • Азамат Ишенбеков;
  • Сайпидин Султаналиев;
  • Актилек Капаров;
  • Тыныстан Асыпбеков;
  • Максат Тажибек уулу;
  • Жоодар Бузумов;
  • Жумабек Турдалиев;
  • Айке Бейшекеева;
  • Акыл Орозбеков.

16-январь күнү таң эрте милиция кызматкерлери журналисттердин үйүн тинтүүгө алып, алар күбө катары сурак берерин айтып күчтөп тергөө бөлүмүнө жеткиришкен.

Кеч курун ИИМ алар «Массалык башаламандыкка чакыруу» фактысы боюнча козголгон ишке шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айып Temirov Live жана «Айт Айт Десе» барактарында жарыяланган үч материал боюнча лингвистикалык экспертизанын негизинде коюлган.

Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров ИИМдин журналисттер жарыялаган материалдарда «массалык башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар» деген билдирүүсүн четке каккан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот жапырт кармалган 11 журналистти эки айга камакка алды

11 журналист 48 саатка камалды. Акыйкатчы алардын укугу жана эркиндигин камсыздоого чакырды