Мамкурулуш: Кыргызстандын сейсмологиялык жаңы картасы түзүлөт

Илимдер академиясы өлкөнүн сейсмологиялык аймагын изилдеп, жаңы карта түзүүгө каражат бөлүндү. Бул тууралуу 30-январда парламенттин комитет жыйынында Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба агенттигинин жетекчи орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.

Анын айтымында, акыркы жолу 1991-жылы «панель» үйлөрдүн жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү боюнча изилдөө жүрүп, типтик долбоор катары шаарга окшош үйлөр курула баштаган.

Иманакун уулу өлкөдөгү көп кабатуу үйлөр жер кыртышына жараша 8-9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берерин айтты. Ошондой эле ал «совет учурунда курулган үйлөр жаңыларга караганда бекем» деген ойго кошулбайт.

«Эгер 7-8 баллга туруштук берет деп салынган үй 4 эле баллдык жер титирөөдө кыйрап кала турган болсо, курган жана аны кабыл алган киши башы менен жооп берет», — деп эскертти ал.

23-январда Кытайда 8 магнитудага кеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 6 балл, Каракол шаарында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкекте 3 баллга жеткен.

Жер титирөөдөн кийин аймактардагы айрым имараттарда жарака кеткени кабарланган. Ушундан улам өлкөдөгү курулуштардын жет титирөөгө канчалык туруктуу экенин текшерүү маселе көтөрүлгөн.

Автору: Нурпаяз Абытов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Орунтаев жер титирөөдөн кийин 100дөй кайрылуу түшкөнүн билдирди