2023-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 8340 иш козголду

2023-жылы өлкөдө аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 8340 кылмыш иши козголду, бул былтыркыга караганда 3159 ишке көп. Бул тууралуу 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 3867 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 2120сы өндүрүштөн кыскартылган. Алардын 1574ү өндүрүштөн токтотулуп, учурда 779 кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. 

«Жашы жете элек балдарды, аялдарды, майыптарды жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо актуалдуу маселелердин бири бойдон калууда», — деди Зулушев.

Ошондой эле ал, прокуратура органдары балдарды жана аялдарды коргоо багытында көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

2022-жылы Кыргызстанда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук боюнча жалпы 6580 кылмыш иши козголгон. Бул көрсөткүч 2021-жылга караганда 4290 ишке азайган. 

Алардын ичинен 2079 кылмыш иши сотко өтүп, 1937 иш соттук өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми 1305 иш токтотулса, 478 иш бир өндүрүшкө бириктирилип, 781 иш тергелип жаткан.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук

2022-жылы алгачкы он айдын ичинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан. Жалпысынан аталган аралыкта 8440 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Ошол эле учурда укук коргоочулар аялдарга карата зомбулуктун масштабы укук коргоо органдары берген сандардан кыйла айырмаланат деп эсептешет. Буга бир жагынан көйгөйгө көз жумуу да себеп.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды

«Кызыкдар тараптардын саясаты». Орунбеков аялдарга карата зомбулукту талкуулагандарды сындады

Зулушев: 2022-жылы аялдарга карата зордук-зомбулук боюнча 6580 кылмыш иши козголгон