«Тартип болушу керек». Жапаров Ташиевге Кыргыз футбол союзун жетектөөнү сунуштады

Азия кубогу-2023 тандоо этабы. Кыргызстан менен Сингапурдун беттеши. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол союзун жетектөөнү сунуштаганын билдирди. Ал «бирикменин башында катуу көзөмөл кылган бирөө турбаса, жыйынтык чыгышы кыйын» деп эсептейт.

«Былтыртан бери каржы маселесин чечип келе жатабыз. Стадиондорду дүйнөлүк стандартка ылайык келтирип, жаңылай баштадык. Быйыл беш миллион доллар акча бөлүп берели деген ниеттебиз. Кыскасын айтсам, жыйынтыгын жок дегенде үч-төрт жылдан кийин күтөлү да. [...] Эң негизгиси, футболчулардын машыгуусуна кылдат көңүл буруш керек. Тартип болуш керек», — деди ал.

Азырынча Ташиевдин эмне деп жооп бергени белгисиз.

Жапаров футболдо машыктыруучудан көп нерсе көз каранды экенин айтып, азырынча машыктыруучуну сырттан алып келүүгө мажбур болуп жатышканын белгиледи.

«Кудай буюрса, “Барселона” клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат», — деди ал. 

Өлкө башчысы келечекте Кыргызстан футбол боюнча, азыркы тапта күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жатса, ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деген ишеничте.

Буга чейин Кыргызстандын футбол союзунун жетекчилиги «Кыргызстандын улуттук курамасынын 2023-жылы Азия Кубогунда көрсөткөн оюнун эске алып» кызматтан кеткен

Ошондой эле мындай чечим «бирикменин жетекчилик курамына жаңы адистерди тартуу зарылдыгы менен» негизделген. Союздун жаңы президентин жана аткаруу комитетин шайлоо 19-февралда өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Барса», Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?

Бир цитата: Садыр Жапаров «жаштарга үлгү болсун» деп футбол ойнорун билдирди