24.kg’нин жетекчиси: Бийликтин максаты басылманы банкрот кылып, жаап салуу

УКМКнын тергөөчүсү 24.kg маалымат агенттигинин редакциясына басылган мөөрдү алуудан баш тартты. Бул тууралуу басылманын башкы директору Асел Оторбаева фейсбук барагына жазды. Анын айтымында, кызматкерлер  «кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүү укугунан ажыратылды». Оторбаева бийлик мындай жол менен агенттикти банкрот кылып, жаап салууну көздөп жатат деп эсептейт. 

Оторбаева басылманын кызматкерлери аралыктан иштөөгө аргасыз болуп жатканын айтып берди. Кеңсеге мөөр басылып, техника, мөөр, документтер жана телефондорду УКМК алып кеткендиктен алар мамлекеттик органдар менен өнөктөштөрүнүн алдындагы милдеттенмелерин аткара албай жатканын айтты.

«Мен салык кызматынын, Соцфонддун, башка мамлекеттик же муниципалдык органдардын алдындагы милдеттенмелеримди аткара албай жатам. Мага бул үчүн а йып салынат, ошол эле учурда айыпты төлөөгө дагы мүмкүнчүлүк берилбейт. Болду анан 24.kg жок болот», — дейт Оторбаева.

Анын пикиринде, бийлик мындай жол менен бардык мамлекеттик эмес ЖМКны жаап койсо болот, ал эми кыргызстандыктарга «эч кандай атаандаштыкка туруштук бере албаган» «бийликке кызмат кылган» басылмалар гана калат.

«Ал эми сиздер стратосфералык жомокторду айткан УТРК менен "Кабарды" көрүп, окуп каласыңар. Ошондой эле, алар силердин эсебиңерден жанын багышат – салыктар ошолордун эмгек акысын жогорулатууга жана ардак грамоталарга жумшалат. [ ... ] Бирок силерде тандоо болбойт», – деп жазды Оторбаева.

Редакцияга козголгон «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш ишин Оторбаева «коркутуунун бир ыкмасы» жана журналисттердин «оозун жабуу аракети» деп атады.

«ЭЧ КАЧАН 24.kg’нин журналисттери согушту пропагандалаган эмес, эч качан бир өлкөнүн экинчи өлкөгө каршы агрессиясын козгоо максаты болгон эмес. Сандырак! Абсурд!» — деп билдирди агенттиктин башчысы.

Оторбаева 1-февралда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге редакциянын кызматкерлерин кеңсеге киргизүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен ачык кайрылуу жазган, эми кайрылууга деле «көңүл бурулбайт» деп эсептейт Оторбаева.

Тинтүү жана кылмыш иши

15-январда УКМКнын кызматкерлери 24.kg маалыматтык агенттигинин Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, техниканын баарын алып, кеңсенин өзүнө мөөр басып кетишкен. Ошондой эле агенттиктин жетекчилигин атайын кызмат суракка алган.  

Кийин УКМК тинтүү «Согушту пропагандалоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнүн билдирген.  Басылманын жетекчилиги бул иште күбө катары өтүп жатат. 

Кайсы макала жөнүндө сөз болуп жатканы белгисиз. Бирок The Insider булагынын маалыматына таянсак, бул иш Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан кыргызстандык Алмаз Кудабек уулу жөнүндө жазылган макалага байланыштуу козголгон. Басылманын жетекчилиги бул иште күбө катары өтүп жатат. 

«Ал эми талаштуу макалага келсек, ал боюнча бир дагы жагымсыз натыйжа же коомдун резонанс жана материалдык чыгым болгон эмес», — деген Оторбаева Ташиевге болгон кайрылуусунда. 

24.kg акыркы жылдары «согушту пропагандалоого» айыпталып жаткан жалгыз басылма эмес. 2022-жылдын февралында Башкы прокуратура ушул эле берене менен Kaktus.media’га кылмыш ишин козгогон. Анда басылма Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кезектеги чек ара жаңжалында коңшу өлкөнүн бийлигинин версиясын жазган «Азия Плюс» медиасынын материалын өз сайтына жазып чыгарган. Kaktus.media өзү кыргыз коомуна тажик тарап кандай саясат жүргүзүп жатканын көрсөтүп берүү максаты болгонун түшүндүргөн

Бирок көзөмөл органы материал «коомчулукта кеңири нааразычылыкты жаратып, чыр-чатактын зонасында да, бүткүл өлкө боюнча да чыңалуунун күчөшүнө алып келген бул кырдаалдын андан ары курчушуна жана аскердик күчтүн колдонулушуна алып келиши ыктымал болгон» деп эсептейт. 

24.kg — 2006-жылы негизделген өлкөдөгү алгачкы көз карандысыз интернет-басылмаларынын бири.