Баткен: Блогердин кайрылуусунан кийин облустук оорукананын төрөт бөлүмү оңдолду

5-февралда блогер Батмакан Жолболдуева Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дубалдар көгөрүп, шарттары начар экенин айтып чыккандан кийин оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Бул тууралуу Жолболдуева фейсбуктагы баракчасына жазды.

Оңдоп-түзөөдөн өткөн оорукананын бөлмөсү. Сүрөт: Батмакан Жолболдуева

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги «Клоопко» блогер тараткан сүрөттөр өткөн жылы тартылганын, андан бери бөлүмдөр оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирген болчу. 

Бирок Батмакан Жолболдуева сүрөттөр быйыл 4-февралда тартылганын тастыктаган. 

Видеонун жаңы тартылганы тууралуу маалымат. Сүрөт: Батмакан Жолболдуева

Кийинчерээк Баткен облустук ооруканасынан блогердин айткандарын төгүндөй алышкан жок. Оорукананын директору Талант Абдрашитов «Клоопко» аталган имаратка 55 жыл болгонун жана 2023-жылдан тарта «көптөгөн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнүн» билдирди.

«Оорукананын негизги 2 кабаттуу имараты 1978-жылы, 3 кабаттуу имараты 1981-жылы, ал эми жугуштуу оорулуулар бөлүмү 1968-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Капиталдык ремонт кылмайынча, жамаган менен кайра эле урай берет. Ураган сайын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп турабыз», — деди Абдрашитов.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ардагердин оорукананын коридорунда жаткан сүрөтү боюнча дарыгерлер маалымат берди

19 жаштагы эненин төрөттөн каза болушу: Оорукананын жетекчиси жана бир нече кызматкер иштен алынды