«Акча талап кылып, сабашат». Кара-Суудагы мектепте балдар зомбулукка кабылганы айтылууда

Кара-Суу районунда №73 Токтогул атындагы мектепте окуучуларды сырттан келген мурдагы бүтүрүүчүлөр сабап, акча талап кылып жүрүшкөнү жазылган кат соцтармакта тарады. Катты ата-энелер жазганы айтылууда.

Кайрылуу боюнча Ош ОИИБи териштирүү иштерин баштаганын «Клоопко» 7-февралда милициянын басма сөз кызматы билдирди. 

 Соцтармакта тараган окуучулардын ата-энелеринин атынан жазылган анонимдүү каттын ээлери президентке, УКМКнын  төрагасына жана укук коргоо органдарынын башчыларына кайрылышкан. Анда алар «мурда окуп кеткен, сырттан келген балдар окуучулардан акча талап кылып, тынчтык бербей жатышканын» айтып, чара көрүүнү суранышкан. 

Соцтармакта тараган ата-энелердин кайрылуусу

«Акча талап кылып эле тим болбостон, балдарыбызды провод менен сабашат. Урганда да дененин талылуу жерлерин урушат. Балдар денелери көк ала болуп, жаракат алышса да айтышпайт», — деп жазылат катта.

Андан сырткары алар мектептеги зомбулук боюнча аймактык милиция жана мектеп директору «кабардар болсо дагы, жеткиликтүү иш алып барбай жатканын» айтып нааразы болушту. 

Милициянын маалыматына ылайык, аталган кайрылуу боюнча Кара-Суу РИИБи текшерүү иштерин баштаган. 

«Алгачкы текшерүүнун жүрүшүндө кайрылууда белгиленген фактылар аныкталган жок. Текшерүү иштерине тийиштүү мекемелер да катышты. Териштирүү жана алдын алуу иш-чаралары улантылууда», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле Билим берүү министрлигинен аталган факт көзөмөлгө алынганын билдиришти. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзгөн: Окуучулардын өзүнөн чоң класстагылар тарабынан сабалышына байланыштуу мугалимдерге эскертүү берилди

Өзгөндөгү мушташ: Каза болгон окуучунун ата-энеси экспертизанын жыйынтыгына макул эмес