Ош: Ноокатта такси кызматкеринен опузалап 20 миң сом талап кылгандар кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда такси кызматкеринен опузалап 20 миң сом талап кылган эки тургун кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» 9-февралда Ош ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 22-январда Ноокат РИИБге Ноокат — Бишкек багытында такси кызматында иштеген 41 жаштагы тургун арыз менен кайрылып, андан эки тургун автоунаалар токтоп туруучу жайга автоунаасын коюп, такси кызматын аткаруу үчүн акча талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факт баюнча «Опузалап акча талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ноокат районунун 62 жаштагы тургуну «атайын белги коюлган» 20 миң сом акчаны опузалап талап кылып алып жаткан жеринен колго түшкөн. 

Кийин кылмышка катыштыгы бар делип Ош шаарынын 32 жаштагы жашоочусу кармалган.

«Учурда шектүүлөрдүн уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар же жоктугу жана алардын башка кылмыштуу шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — дешти милициядан. 

Автору: Айша Нуридинова

ТЕМА БОЮНЧА:

Кайгуул милициясы: Мындан ары такси айдагандар автобекеттен гана жолго чыгат

УКМК: Өзүн ИИМдин кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылгандар кармалды