УКМК: Блогер Батмакан Жолболдуева опузалап 25 миң сом талап кылууга шектелип кармалды

УКМК 9-февралда блогер Батма Жолболдуева кармалганын билдирди. Ал Жалал-Абадда Санэпидем борборунун кызматкеринен 25 миң сом талап кылууга айыпталып жатат.

Маалыматта блогер үстүбүздөгү жылдын башында Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануучу жайлардын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербей тургандыгын видеого тартып алганы айтылат.  

«Кийин материалдык пайда алуу максатында, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видеону өзүнүн фейсбук барагына жарыялап, талапка жооп бербеген тамактануучу жайды санэпидем көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган», — деп жазылат пресс-релизде.

Андан соң блогер соцтармакка жарыяланган материалды өчүрүп салуу үчүн, «кызматкерден 25 миң сом талап кылганы» маалымдалды. 

Блогер үстүбүздөгү жылдын 6- февралында 25 миң сом каражатын «алып жаткан жеринен» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 

ТЕМА БОЮНЧА: 

Жогорку сот Батмакан Жолболдуеваны күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып салды

Батмакан Жолболдуева өлүмгө алып келүү беренеси боюнча акталып, калган иштерде айыптуу деп табылды