Батмакан Жолболдуева өлүмгө алып келүү беренеси боюнча акталып, калган иштерде айыптуу деп табылды

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелген блогер Батмакан Жолболдуева Баткен райондук соту тарабынан акталып, ал эми үч иш боюнча айыптуу деп табылды. Бул тууралуу 3-февралда «Клоопко» блогердин жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Маалыматка ылайык, Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси боюнча акталды. Ал эми «Бейбаштык», «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» жана «Документтердин жасалмасын жасоо» боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга пробациялык көзөмөл дайындалды.

«Ошондой эле 2 жылдык мөөнөткө блогердик ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Биз аталган чечимге карата облустук сотко кайрылабыз», — деп билдирди жактоочу.

Ал эми Жолболдуева «Клоопко» райондук сот журналисттердин катышуусуна тыюу салганын билдирди. Соттун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Галымбетованын өлүмү, Жолболдуеванын кармалышы

Маркум журналист Арзыгүл Галымбетова.

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон.

Анын кесиптештери журналист акыркы убактарда «каралоолорго кабылганын» жазышкан. Мындан сырткары Галымбетова өзү да фейсбугунда каралоорго кабылып жатканын айткан.

Анын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Ага Галымбетованын 25-мартта Жолболдуеванын үстүнөн «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп милицияга арыз жазганы себеп болгон.

Андан кийин Жолболдуевага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Блогердин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева козголгон иштер негизсиз экенин айтып, аны блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Блогер 18-августта Баткен райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Ал эми маркум журналист Арзыгүл Галымбетованын бир тууган эжеси Тажигүл Галымбетова үстүбүздөгү жылдын 23-январында «Клоопко» маек берип, анда ал блогер Батмакан Жолболдуевага карата доосу жоктугун, сиңдисинин өлүмүнө башка тараптар кызыкдар болушу мүмкүн экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маркум журналист Галымбетованын эжеси: Бир үмүтүм Ташиев менен Жапаровдо

Маркум журналист Галымбетованын эжеси: Сиңдимдин өлүмүндө күмөндүү жагдайлар бар

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы