Жогорку сот Батмакан Жолболдуеваны күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып салды

Батмакан Жолболдуева жана Алихан Ураимов

Жогорку сот блогер Батмакан Жолболдуеваны жергиликтүү чиновник менен болгон чырына байланышту күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыпка жыкты. Маалыматты «Клоопко» 10-октябрда соттон тастыкташты.

Баткен облустук сотунун 22-майдагы чечимине ылайык, Жолболдуева Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште жана «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери боюнча акталып, ал эми «Бейбаштык» беренесинин негизинде айыптуу деп табылган. Ошондой эле 50 миң сом айыпка жыгылган.

Андан сырткары «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл дайындалган.

Блогер Батмакан Жолболдуева «Клоопко» соттун чечимине нааразы экенин жана жетиштүү далилдери болгонуна карабай доогер тарап —  Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимовдун арызы канааттандырылганына даттанды.

«Соттун чечимине нааразымын, анткени өзүм токмок жеп, алты ай түрмөдө отуруп чыктым. [Алихан Ураимов] буга чейинки соттук отурумдарга келбей, эмнегедир Жогорку сотко келгенине таң калдым. Ал мени урганы, ошондон кийин ооруканага жатып калганым тууралуу далилдер бар. Ошондой эле буга чейин менин арызым боюнча Баткен облустук соту Ураимовду күнөөлүү деп тапкан болчу, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иш кыскартылган. Сот буларды эске алган жок», — деди ал.

Ошондой эле Жолболдуева айып пулдун суммасын чогултуу үчүн «Бир сомдук акция» жарыялаганын кошумчалады.

«Азыр Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчисине жалгыз бой энени айыпка жыгытканы үчүн коомчулукка кайрылып, бир сомдук акция жарыяладым. Учурда көпчүлүк жардам көрсөтө баштады. Азырынча мен эч жерде иштебейм, айып пулду төлөп берүүгө шартым жок, 50 миң чогулмайынча акция улана берет», — деп билдирди Жолболдуева.

Ал эми «Клооп» Баткен облустук администрациясынын аппарат башчысы Алихан Ураимовго байланышууга аракеттенип, бирок андан майнап чыккан жок.

Жолболдуева менен Ураимовдун чыры

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Андан кийин Жолболдуевага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Блогердин адвокаты Назгүл Сүйүнбаева козголгон иштер негизсиз экенин айтып, аны блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

«Бейбаштык» беренеси менен иштин ачылышына блогердин Баткен облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Алихан Ураимов менен 2022-жылдын 5-февралында чырдаша кеткени себеп болгон.

Батмакан Жолболдуеванын көгөрүп калган бети.

Лейлек районунун администрациясына апрелдеги куралдуу жаңжалдын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча жыйынга Жолболдуева да катышууну каалаган. Бирок Ураимов блогер «ЖМК өкүлү эмес экенин» айтып жыйынга киргизүүдөн баш тарткан. Мындан улам жаңжал чыгып, Ураимов блогерди бетке муштаган.

Кийинчерээк Жолболдуева ооруканага жатып, бети көгөргөн сүрөтүн да жарыялаган. Аталган факты милицияга катталып, териштирүү жүрө баштагандан кийин Ураимов видео кайрылуу жасап, Жолболдуевага кол көтөрбөгөнүн айткан. Ошондой эле аны «коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат» деп айыптаган.

Баткен райондук сотунун маалыматына караганда, соттук-медэкспертиза Ураимов «ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил жараат алганын» аныктаган. Жолболдуевага кылмыш иши экспертизанын негизинде козголгон.

Бирок блогер Жолболдуеванын Ураимовдун үстүнөн жазган арызы боюнча иш кыскарып кеткен. Сүйүнбаева «ишти күчкө салып эле жаап коюшту» деп билдирген.

Блогер өткөн жылы 18-августта Баткен райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Батмакан Жолболдуева өлүмгө алып келүү беренеси боюнча акталып, калган иштерде айыптуу деп табылды

Баткенде аткаминер блогер-журналистти «муштаганы» боюнча териштирүү башталды

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы

Маркум журналист Галымбетованын эжеси: Бир үмүтүм Ташиев менен Жапаровдо