Кара-Суу: Мыйзамсыз таштанды жайын уюштурган Шарк айыл өкмөтүнө 28 миң сом айып салынды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө мыйзамсыз таштанды таштоочу жай уюштурганы үчүн 28 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы Экотехкөзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-февралда Ош аймактык экотехкөзөмөл кызматы тарабынан Ош шаарында жана Кара-Суу районунда атайын рейд жүргүзүлгөн. 

Анын натыйжасында, Шарк айыл аймагына караштуу Бадам-Бел участкасында мыйзамсыз таштанды таштоочу жай уюштурулганы аныкталды.

Отуз-Адыр каналынын жээгине жакын жайгашкан жайда таштандылар күйүп, аба булганганына байланыштуу «Булгоочу заттарды атмосферага чыгарууну жүзөгө ашыруу тартибин бузуу» беренесинин негизинде айып салынды. 

Аянты бир гектардан ашкан жер 2016-жылдан тарта таштанды талаасы катары иштеп келген. Тиешелүү документтери жок болгонуна байланыштуу 2022-жылы жабылган. Бул аймак жеке жаранга жашылдандыруу үчүн берилген болчу.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Царский двор» кафесинин ээси даракты кыюуга аймактык башкармалык уруксат бергенин айтты

Таласта 75 даракты мыйзамсыз кыйгандарга 500 миң сомго жакын айып пул салынды