Ош: Чет элдик жарандан пара алууга шектелген милициянын бөлүм башчысы үй камагына чыкты

Ош шаардык соту АКШлык жарандан 2 млн сом пара алууга шектелген облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысын үй камагына чыгарды. Маалыматты «Клоопко» 16-февралда облустук соттон тастыкташты.

«Сот токтом кабыл алууда айыпталуучунун аты-жөнүн такталганын, туруктуу жашаган жери жана жаш балдары бар экенин, тергөө тарабынан коюлган айып анча оор эмес кылмыш болуп саналарын эске алды», — дешти соттон.

Айыпталуучугу карата облустук милициянын жетекчи орун басары жакшы мүнөздөмө берсе, тергөөчү да айыпталуучу тергөөгө өз убагында келип жүргөну туралуу көрсөтмө берген.

АКШнын жараны милицияга былтыр декабрда «зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу» фактысы боюнча арыз берген. Бирок милициянын бөлүм башчысы ккылмышка бөгөт коюунун ордуна шектүү менен келишип алып, чет өлкөлүк жарандан 2 млн сом талап кылган.

Аталган жаран бөлүм башчыга чара көрүү өтүнүчү менен Ош шаардык милициясына кайрылган. Милиция иш козгоп, шектүүнү пара алып жатканда кармаган.

Жабырлануучу эмне дейт?

Жабырлануучу, Оштогу «Калпак» англис тили академиясынын жетекчиси Братчер Ноаж Джон 15-февралда АКИпресс басылмасына иш боюнча маалымат жыйын өткөргөн.

Ал Кыргызстанга алгач ыктыярчы болуп келип, жергиликтүү маданиятты жактырып, Ошто калууну чечкенин айткан. Кийин тил үйрөтүүчү борбор ачып, 40тан ашык кишини жумуш менен камсыздаганын белгилеген. 

«Өткөн жылдын декабрында сүйлөшүп жүргөн кызым менен эки ара жолго түштүк. Кийин ал “ишканаңды, абийириңди жок кылам” деп коркутуп, айрыкча “зордуктады” деп ар кимге маалымат тарата баштады. Ошого Ош ОИИБнин кылмыш-иликтөө бөлүмүнүн башчысына арыз жазгам. Ал арызымды албай, тиги кызга чалып, ал менен чогуу менден 2 млн сом сурашты», — деген ал.

Ошондой эле ал Оштогу Америкадан келген жалгыз инвестор экенин айтып, «Кыргызстан чет элдик жарандарга, инвестиция салып ишкана ачам дегендерге коопсуз болушу керек» деген оюн айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Ош облустук милициянын бөлүм башчысы акча талап кылууга шектелип кармалды

Ош: Тургундан акча опузалаган бир милиция кызматкери кармалды, үчөө изделүүдө

Бишкек: Баңгизатка байланышкан иш боюнча дагы үч милиция кызматкери кармалды