Кемпир-Абад иши: Абактагылар жогорку соттун төрагасынын айткандарын жалган деп атады

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан активист Илгиз Шаменов жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун «соттук териштирүүнүн создугушуна абактагылар күнөөлүү» деген билдирүүсүн жалган деп атады.

«Базарбеков “оор кылмыш болгонуна байланыштуу буларды үй камагына чыгара албайбыз” дейт. Биз деген 27 адам болчубуз, 17си үй камагына чыгып эле жүрөт го. Болбосо баарыбыздыкы бирдей эле кылмыш иши да. “Бектур Асановду ооруп калганына байланыштуу чыгарып атабыз” дейт. Эмне биз Бектур Асановдой болуп арабага отуруп, майып болуп калганда чыгарышабы?», — деп суроо салды ал.

Шаменов Базарбековдун «абактагылар сотто шоу кылып жатат» деген сөзүнө «мыйзамды одоно бузуп өздөрү шоу кылып жатат» деп жооп берди.

Буга чейин жогорку соттун төрагасы «Кабар» маалымат агентигине маек куруп, Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөрдүн создуктурулуп жатканына өздөрү себепкер экенин айткан

«Кылмыш иши да көлөмдүү – 60 том. Иш сотко өткөн соң ал карала баштады. Бирок, бир күнү камактагы бирөөсүнүн авдокаты келбей калат, башка күнү бирөөсү ооруп калат, же атайылап адвокатын жибербей коёт, же сотто “биздей баатырлардан тукум алып калгыла” деген сыяктуу “шоу” кылышат», — деген ал.

Замирбек Базарбеков шектүүлөргө коюлуп жаткан айып оор экенин белгилеп, эгер «ден соолугуна байланыштуу болсо, үй камагына чыгарыларын» кошумчалаган.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Вашингтондо Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын бошотууну талап кылган митинг өттү

«Ачык сот болсун». Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыкты