Вашингтондо Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын бошотууну талап кылган митинг өттү

25-октябрда Вашингтон шаарындагы Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин алдында Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды камактан бошотуу талабы менен акция өттү. Бул тууралуу активист Тилекмат Куренов өзүнүн барагына жарыялады. 

Акциянын катышуучуларынын бири Айдар Раевдин айтымында, акцияга 10дон ашык адам катышты. Алар «Саясий туткундарга эркиндик», «Эркин Кыргызстан» деп жазылган плакаттар, ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүрөттөрү менен чыгышты.

 «Азаттык» басылмасы жазгандай, активисттер кыргыз бийлигинен көз карандысыз маалымат каражаттарына басымды, журналисттерди куугунтуктоону токтотууну, митингдерге чектөөлөрдү жоюуну талап кылышты.

Куренов өзүнүн фейсбуктагы барагына Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаевге кайрылуу тапшырууга аракет кылып жаткан видеосун жарыялады. Видеодо элчи менен акцияга чыккандар кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселени чечүү боюнча талашып-тартышкан.

Бул Вашингтондогу Кемпир-Абад окуясынын катышуучуларын колдогон биринчи нааразычылык акциясы эмес. 20-сентябрда алар камакка алынгандардын сүрөтүн жана плакаттарды көтөрүп БУУнун Башкы Ассамблеясынын имаратынын алдына чогулушкан.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы декабрда кармалгандардын жакындарынын иштин фигуранттарын бошотуу өтүнүчүнө комментарий бергенде, эч кимди бошотууга буйрук бере албасын билдирген

Мамлекет башчысы бул иш боюнча судьялардын ишине эч ким кийлигишпейт деп айтып келет. Ал Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын «мамлекеттик төңкөрүш жасоо планы үчүн» өз убагында камакка алышкан деп эсептейт. Анын айтымында, айыпталуучулар чогулуштарга барып, мамлекеттик төңкөрүштүн пландарын жана алдыдагы митингдердеги адамдардын санын талкуулашкан.