«Ачык сот болсун». Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыкты

4-октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын тарапташтары Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында акция уюштурушту. Алар сот отурумунун ачык өтүшүн талап кылышууда.

Чогулгандар «Ачык сот болсун», «Бийлик чындыктан коркот», «Мекенди коргоо кылмыш эмес — милдет» деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турушту.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын тарапташтары уюштурган митинг. Сүрөт: Максат Кутманбеков RFE/RL

«Иш боюнча бир жылдан бери ачык сот болбой жатат. Жашыруун кылып алып, кандай соттоп жатышат белгисиз. Сотту абдан чоюп жатышат, жөн эле убакыт которушууда. Жазгандарында деле эч кандай далил жок экен. Булар негизсиз эле соттоп салганы жатышат, ошого жашыруун кылышууда. Бир жылдан бери негизсиз кармаганын жабыш үчүн жасаган амалы», — деди камактагы журналист Айданбек Акматовдун жубайы.

Укук коргоочу Рита Карасартова Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 25 кишинин 11и камакта экенин билдирди. Ал жогорку инстанциядагы соттун «мамлекеттик сыр деген бөлүгүн жабык, калганын ачык өткөрүү керек» деген өкүмү бар экенин белгилеп, талап аткарылбай жатканын айтты. 

Бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча Биринчи май райондук сотунда отурум өтүп жатат. 27-сентябрда сот отуруму өткөн эмес, ага отурум өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон.

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Алардын көпчүлүгү негизсиз камалганын айтып ачкачылык жарыялашкан — ноябрда башталган акция декабрдын аягына чейин созулган. Айрымдары сот отурумдарында эсин жоготсо, башкалары абалы оорлоп кеткендиктен ооруканага жаткырылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Абактагылар аларга карата кыйноо уланып жатканын айтышууда