Жапаров: Бекназаровдун тагдырын мен эмес, сот менен прокурор чечет

14-мартта президент Садыр Жапаров улуттук «Кабар» маалымат агенттигине маек куруп, Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди

Ал Бекназаров «кечиришели» деген өңүттө кайрылуу жасаганын айтып, анын тагдырын «мен эмес, сот менен прокурор чечет» деп билдирди.

«Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды “кетип атат” деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды», — деди ал. 

Жапаров кыргыз-өзбек чек ара маселесин «чечкенбиз үчүн бизге медаль берсе жарашат эле» деп айтып, буга тарых өзү баа берет деп кошумчалады.

Атазовдун дооматы тууралуу

Ошондой эле өлкө башчысы депутат Шайлообек Атазовдун «президент аны кабыл албай жатканы» тууралуу дооматына «депутаттарды эле эмес, элдин баарын кабыл алып жүрөм» деп жооп берди.

«Аксы окуясынан баштап, апрель, июнь, октябрь окуяларында жабыр тарткандарды, аксакал, көк сакалдарды кабыл алдым. Баарына сылык мамиле жасайм. Эскертем. Анан эле менин эскертүүмө көңүл бурушпаса өздөрүнөн көрүшсүн», — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Буга чейин Бекназаровдун фейсбук барагы аркылуу президентке кайрылып, орозо айында абактагыларды үй камагына чыгарып, сотту ачык өткөрүүнү суранган. Ал «бири-бирибизди кечиришип, Кемпир-Абад маселесин саясатка айландыра бербей, тарыхка калтыралы» деп белгилеген.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов мамлекеттин саясаты деп бардык мыйзамды, президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди колдоп келгенин белгилеген. Ал «президент бир жылдан бери аны кабыл албай жатканын» айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын жакындары Нарын, Талас, Жалал-Абадда митинг өткөрдү

Шайлообек Атазов башкы прокурор Зулушевдин отставкага кетишин талап кылды