Кемпир-Абад иши: Абактагылардын жакындары Нарын, Талас, Жалал-Абадда митинг өткөрдү

9-мартта Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында «Кемпир-Абад иши» боюнча камакка алынгандардын тарапташтары акция өткөрдү. Алар президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, абактагыларды бошотууну жана ачык сот өткөрүүнү талап кылышты.

Нарындагы акция

Нарын районунун Дөбөлү айылына чогулган эл. Сүрөт: Илгиз Шаменовдун фейсбук барагы.

Нарын районунун Дөбөлү айылына чогулган Илгиза Шаменовдун тарапташтары президенттен активистти бошотууну жана саясий куугунтукту токтотууну өтүнүштү.

«Ишти акыйкаттык менен карап, жакшы чечим чыгарып бересеңиздер. Ушу балабыз бир жыл жети айдан бери отурат, жаштайынан ден соолугунан ажырап калабы деп коркуп жатабыз», — деди акциянын катышуучуларынын бири.

Ошол эле күнү Шаменов фейсбук барагына Нарын облустук милициясынан кызматкерлери «түнү менен келип, айылдаштарын коркутуп-үркүтүп» жатканын жазды. Ал эми облустук милициянын басма сөз кызматы «Клоопко» тургундарга эч кандай кысым болбогонун айтты.

«Окуя боюнча материал катталып, териштирүү, текшерүү иштери жүрүүдө. Бүгүнкү күндө абал туруктуу», — дешти милициянын басма сөз кызматынан. 

Аксыдагы акция

Ал эми Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында саясатчы Азимбек Бекназаровдун айылдаштары чогулуп, өз пикирин айтып чыккан депутат, активист, журналист, саясатчы жана ишкерлерди куугунтуктоону токтотууну талап кылышты.

«Ишкерлердин, бизнесмендердин жеке менчиктерин, базарларын тартып алуу токтотулсун.⁠ Кен-байлыктарды, жер-сууларды, элдин башка байлыктарын өз менчигиндей сатуу, чет элдиктерге берүү токтотулсун. Эгерде бийлик ушул талаптарды Рамазан айы ичи аткарбаса, бүткүл Кыргызстан боюнча мыйзам чегиндеги бирдиктүү саясий акциялар башталсын», — деп Бекназаров айылдаштарынын талабын фейсбук барагына жарыялады.

Ошол эле күнү Бекназаров Аксыдагы туугандарын УКМКнын кызматкерлери күч колдонуп алып кетүүгө аракет кылганын, башка туугандары аларды алып калганын жазды. Бирок атайын кызматтан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Таластагы акция

Талас районунун Көк-Токой айылына чогулган эл. Сүрөт: Айбек Бузурманкуловдун фейсбук барагы.

Айбек Бузурманкуловдун Талас районунун Көк-Токой айылына чогулган тарапташтары «саясий туткундарды бошотууну» талап кылышты. Ал жерде Бузурманкуловду коргоо комитети түзүлгөнү кабарланды.

«Бул балдар бекеринен жаткан жок. Абакта мыкты балдарыбыз жатат. Мыкты балдардын канатын кайрый берсеңер силерди ким жакшы көрөт?» — деп суроо салды бийлик башындагыларга кайрылган акциянын катышуучусу.

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандарды үй камагына чыгаруу жана ачык сот өткөрүү талабына тиешелүү органдар жооп берише элек.

Ал эми президент Садыр Жапаров 2022-жылдын декабрында абактагылардын жакындарынын өтүнүчүнө комментарий берип, эч кимди бошотууга буйрук бере албасын билдирген. Ал бул боюнча «судьялардын ишине эч ким кийлигишпейт» деп айтып келет.

Өлкө башчысы Кемпир-Абад ишинин фигуранттары «мамлекеттик төңкөрүш жасоо планы үчүн» өз убагында камакка алынган деп эсептейт. Анын айтымында, айыпталуучулар чогулуш өткөрүп, төңкөрүштүн пландарын жана алдыдагы митингдердеги адамдардын санын талкуулашкан. 

Кемпир-Абад иши

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Вашингтондо Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын бошотууну талап кылган митинг өттү

«Ачык сот болсун». Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыкты