Орунбеков Аспековдун «Жапаров Матраимовдон $3 млн алган» деген билдирүүсүн четке какты

Абактагы активист Мелис Аспеков кат жазып, 2020-жылы октябрь окуяларында Садыр Жапаров бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон 3 миллион доллар алганын билдирген. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков анын билдирүүсүн «калп» деп атады.

Аспековдун айтымында, 2020-жылдын октябрь айында Жапаровго бийликте калуу үчүн миңдеген адамдарды чогултуу үчүн «көп акча керек болгон», бирок ал кезде каражаты болгон эмес. 

«Ошондо Садыр аба мага “Мелис, сен Райым менен жакшысың, акча сурачы, болбосо камалабыз” деди. Мен дароо ошол жерден Райым байкеге чалып, жагдайды түшүндүрүп кирдим. Райым байке макул болуп, эртеси 1,5 млн доллар берди. Мен Садыр абанын колуна санап бердим. Садыр аба сүйүнүп, ошол жерден мага 150 миң долл ар карматып “чүйлүк балдарыңды чогула башта” деп тапшырма берди. Кыскасы, Райым байкеден келген акчага Садыр аба өлкөнүн 7 дубанындагы элди каржылап, эски аянтка чогултуп, 9-октябрь күнү каршы топтолгон элди кубалады. Атамбаевдин унаасына ок чыгарганга жетишти. Райым Матраимов бизге ошол күнү акча жагынан тышкары, бир топ балдарын жиберип жардам бергени — бул факт», — деп жазды Аспеков. 

Анын айтымында, кийинчерээк Матраимов дагы 1,5 млн доллар берип жиберген. 

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Аспековдун айткандарын «калп» деп атады. Анын айтымында, Аспеков ишкерлерди бир эмес, бир нече жолу алдап, шылуундук кылып автоунаа, батир сатып алган.

Орунбековдун айтымында, 2020-жылы Аспеков дайыма Садыр Жапаровдун жанында жүрүп, элге анын оң колу катары таанылган.

«Октябрга чейин жөө жүрчү элеӊ, андан кийин дароо кымбат унааларды айдап, жан сакчылар менен жүрүп калганыңды жумурай журт көрдү. Тегерегиӊдеги балдардын “Мелис акырын бол, сөз тийет, көз тийет” деген акыл кебин уккуӊ да келбеди. “Победителя не судят!” деп кулак салган жоксуң. Ал кезде бийлик баш-аягын жыйып, күчтөнө элек болчу. Жаӊы гана калыпка түшө баштаган. Башаламан учурдан пайдаланып билгениӊди жасадыӊ», — деп жазды Орунбеков.

Анын айтымында, 2020-жылдын күзүндө Аспеков Жапаровдун атынан президенттин командасына кошула элек Каныбек Туманбаевден 1 миллион доллар талап кылган. Орунбеков мунун баары Жапаровдон жашыруун болгонун, Аспеков акчаны шыпырып алгысы келгенин жазды. Ал Аспеков «учурдан пайдаланып чоӊ жана майда бизнесмендердин далайынын канын сорду окшойт» деп белгиледи.

Орунбеков Аспеков 2022-жылы алдамчылык жана опузалоо боюнча 7 жылга соттолуп, бирок кийин мунапыс менен эркиндикке чыкканын белгиледи.

«Акыркы жолу үй камагына чыгып, жөн жүрбөй “бийликти күч менен басып алалы”деп уюштуруп, кайра түрмөгө түштү. Эми түрмөдө жөн отурбай күндө калптарды ойлоп таап, жалган маалыматтарды жазган катын коомчулукка жарыялап жатат», – деп жыйынтыктады Орунбеков.

 Аспековдун кармалышы 

Президент Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы, активист Мелис Аспеков кайрадан кармалганы тууралуу үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында белгилүү болгон. Ага «Кылмышка даярдык көрүү» жана «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып тагылган.

Мурдараак соцтүйүндө үнү Аспековго таандык делген аудио тараган. Анда активист абактагы Аскат аттуу киши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны бошотууга аракет кыларын айтып, колдоого чыкканга бала сураганы айтылат.

Мурда Аспеков «Алдамчылык» жана «Акча опузалоо» боюнча жети жылга кесилип, ырайым менен бошотулган. Кийин ал УКМК «10 миң доллардан ашык акчасын кайтарып бергенин, бул анын жүз пайыз күнөөсүз экенин билдирерин» айтып чыккан. УКМК аны төгүндөп, каражаттын тергөөгө тиешеси жок экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНА:

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган Мелис Аспеков ооруканага жаткырылды