Кемпир-Абад боюнча кармалган үч кишинин иши кыскартылганы кабарланды

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан активист Илгиз Шаменов ушул эле иш боюнча айып тагылган Орозайым Нарматова, Талант Эшалиев жана Эмил Жайчиевдин кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Анын абактан жазган каты 22-мартта фейсбук барагына жарыяланды.

Шаменов активисттер менен саясатчылардын кармалаганына дээрлик бир жарым жыл болгонун белгилеп, жогорудагы үч кишинин иши «табышмактуу сыр менен сотко жетпей тергөөдөн бөлүнүп, кыскартылып кеткенин» жазды.

«Биринчи май райондук сотуна 25 айыпталуучунун иши өткөн эле, бүгүнкү күндө тогуз адам ТИЗОдо мыйзамсыз жатабыз. Калган 16 айыпталуучунун кээ бирин ден-соолугуна байланыштуу, кээ бири менен жең-ичинен соодалашып, кыскасы ар кандай жагдайлар менен абактан чыгарышты. Бир сөз менен айтканда бөлүп жаруу, тандалма, кош стандарт саясат жүрүп жатканына баарыбыз, жумурай журт күбө болуудабыз», — деп нааразы болду активист.

Жогорку соттон «Клоопко» Орозайым Нарматова, Талант Эшалиев жана Эмил Жайчиевге козголгон иш чындап эле сотко өтпөгөнгүн тастыкташты. 

Ал эми ИИМден бул боюнча «иш жашыруун түрүндө тергелгендигине байланыштуу маалымат алуу мүнкүнчүлүгү жок» деп маалымат беришкен жок.

Кемпир-Абад иши

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан активист, саясатчылар. Сүрөт: Илгиз Шаменовдун фейсбук барагынан.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан 30га чукул активист, саясатчы кармалган. Аларга «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып тагылган.

Кармалгандардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүн ачык сынга алышкан, алар дал ошол ачык айтылган сөздөрү өздөрүн камакка алууга негиз болгон деп келишет. Сот айрым саясатчылар үй камагына чыгарса, кээ бирин абакта калтырган.

Активист, саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Вашингтондо Кемпир-Абад ишинин фигуранттарын бошотууну талап кылган митинг өттү

«Ачык сот болсун». Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары акцияга чыкты