Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын 20 чакты депутаты өз эрки менен же сот жолу аркылуу мандатынан ажыратылып отурат. Дегеле бул чакырылыш 2021-жылдын 29-декабрында ант берген күндөн бери, үч жыл аралыгында басым-кысымга кабылганын бир нече жолу айтып чыгышкан.
«Клооп» үч жыл ичинде басымга кабылган депутаттар кимдер жана мындай даттануулар өлкөдөгү кайсы саясий окуяларга тушташ болгонун тизмектеп чыкты. Анда эмесе, акыркысынан баштап, хронологиялык тартипте айтып беребиз.
Шайлообек Атазов 2024-жыл, 28-апрель
Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов «парламентке кысым күчөгөнүн» билдирген. Ал фейсбук барагына видеокайрылуу жарыялап, анда өзүнөн кийин дагы алты депутат мандатынан ажыратылганын, бул мыйзам чыгаруу бийлигинин ишине терс таасирин тийгизе турганын белгилеген. Атазовдун мандатын сот аркылуу алып коюшкан.
«13-март күнү мен Жогорку Кеңештин борбордук трибунасында кайрылуу жасадым, өлкөдөгү саясий абал боюнча. Сөзүмдүн акырында, менин мандатымды мыйзамсыз алып атканы жөнүндө [айтып берейин]. Мен 12-депутат экенмин, кетип аткан, менден кийин мандаттан ажыратуу эстафетасын токтотуңуздар деген сунушту бердим. Бирок ага карабастан, менден кийин да мына, 6 кесиптешибиздин мандаты алынды. Кечээ болсо Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин да мандатын алышты. … тайманбас Адахан Мадумаровдун мандатын алгандан кийин VII чакырылыштагы башка жаш депутаттардын мандатын алып коюу жөнөкөй эле ишке айланды. Дегеле Кыргызстанда VII чакырылыштын депутаттарына болгондой кысым тарыхта болгон эмес. Бул болсо демократиянын, парламентаризмдин мындан ары өнүгүшүнө коркунуч туудурат. Маселе мандатты алып коюуда эмес, аны эл берди, алып койсо, кийинки шайлоодо барсаң эл кайра берет. Маселе, аны алып коюудагы процедуралардын бузулуп жатканында», – дейт ал.
Адахан Мадумаров 2022-жыл, декабрь
«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мурдагы лидери, жакында эле депутаттык мандатына ажыраган Адахан Мадумаров 2022-жылдын декабрында Жогорку Кеңештин мамлекетти башкаруудагы ролун төмөндөтүп, депутаттардын макамын түшүрүү аракети болуп жатканын билдирген. Көп өтпөй ага «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен иш ачылып, кийин «Алдамчылык» жана «Бийликтен аша чабуу» беренесине өзгөртүлгөн. Бирок мөөнөтү эскирип кеткендиктен жаза берилген эмес. Анткен менен, соттуулук болгонун жүйө кылып мандаты алынган.
«Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу пункту же нотариалдык конторага айландык. Баланча мыйзам ушул күнү, ушул саатта кабыл алынды, мынчасында ишке кирсин дейбиз. Ошону менен бүттү. Коомдо болуп жаткан окуяларга биздин таасирибиз жокко эсе. Биздин канча кесиптешибиз жумушка келе албай титиреп кайсы жерде жүрөт? Эмне деген өлкө болдук? Түшүнүк, коркунуч менен жашап калдык. Ар бир добуш берүүдө жүрөгүбүз титирейт. Ушул да жашообу, ушул да өмүрбү?» – деп суроо салат Мадумаров.
Өмүрбек Бакиров 2022-жыл, 14-декабрь
Сыягы, депутаттык мандатка «чабуулдар» 2022-жылы күчөгөн окшойт. Аталган жылдын 14-декабрында дагы бир депутат – Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирген. Ал муну 17-ноябрда Кемпир-Абад маселеси каралып жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенине байланыштырган.
«Мен антип эсептебесем деле, эл ошондой ойлоп жатпайбы. 17-ноябрь күнү Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бердик. Бир аз кайым айтышуу болду. Эртеси күнү эле кабинетимди тартып алышты. Эми бул иш болуп жатат. Арты-артынан эле ушундай болуп атат», — деп белгилеген ал.
Анда Бакиров Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөгүп салган. Бир күндөн кийин эле Бакиров президенттин иш башкарамалыгы Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы иш кабинетин тартып алганын билдирген.
«Мен ал иш бөлмөгө мурдагы чакырылышта депутат кезимде, КСДП фракциясынын лидери болгон учурда отургам. Ошондон бери иш бөлмөм алмашкан эмес. Эмне себептен кескин түрдө чыгарып салышканына түшүнбөй турам. Мага түшкө чейин чалып айтышканда, дүйшөмбү күнү көчөм дегем. Бирок алар жардамчыларым түштөнүүгө кеткен учурда өзбилемдик менен кирип, буюм-тайым, техниканын баарын коридорго чыгарып коюшуптур», — деген анда Бакиров.
2023-жылдын июнунда Бишкектин административдик соту 7-июнда №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Анда ошол округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. Кийин бул чечимди шаардык да, Жогорку сот да күчүндө калтырган. Ошентип Бакиров да мандатсыз калган.
Жеңишбек Токторбаев 2022-жыл, 1-Декабрь
2022-жылдын 1-декабрында Прокуратуранын ишин сындаган Жогорку Кеңештин эки депутаты – Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов Башкы прокуратурага сурак берип чыкканы маалым болгон. Алар муну басым деп баалап, депутаттардын Конституция, мыйзам менен корголгон укуктары бузулуп жатканын айтышкан.
Жеңишбек Токторбаев муну депутаттын макамы боюнча Баш мыйзамда жазылган беренелерди бузуу деп атап, Башкы прокуратурага кылмыш ишин тергөө укугу берилгенден бери «монстрга» айланганын билдирген. Ал 1-декабрда президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жана спикер Нурланбек Шакиевге кайрылган.
«Биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен шайланып келгем. Артымда эл бар. Урматтуу төрага, ушул маселени сөзсүз караңыз. Туура эмес болду. Депутат Шайлообек Атазов экөөбүз башкы прокурорго асылдыкпы? Элден түшкөн арызды, элдин муңун айттык. Бул жерде балык депутат болуп отура берсек туура эмес болуп калат да».
Токторбаев учурда парламенттеги ишмердигин улантып келе жатат.
Элвира Сурабалдиева 2022-жыл, 24-ноябрь
2022-жыл «Кемпир-Абад иши» менен эсте калды. Дал ушул маселе курчуп турган чакта эл өкүлү Элвира Сурабалдиева чек ара келишимин колдобогон депутаттарга кысым башталганын билдирген. Парламенттин 24-ноябрдагы жыйынында ал кыргыз-өзбек чек ара келишимине каршы добуш берген депутаттарга коркутуу, басым башталганын айтып, спикер Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент өкүлдөрүн коргой албай жатканын сындаган.
«Кемпир-Абаддын берилишине каршы добуш берген депутаттарга коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Бизди коргой албасаңыз, анда биз сизди эмнеге шайладык? Баса, кечээ менин туулган күнүм болду, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев), белегиңизди эч качан унутпайм. Менин инимди "иш козгойм" деп коркуткан УКМКнын кызматкерлерин да унутпайм. Кечээ каршы добуш берген депутаттардын баары менен сүйлөшсөм, баарынын мамлекеттик кызматта иштеген туугандарын, жакындарын жумуштан алып жатыптыр. Менин жакын туугандарымдын арасында мамлекеттик кызматта иштегендери жок, бирок алыскы туугандарымды иштен алып жатыптыр. УКМК ушуга чейин барсаңар, оокатыңарды, бизнесиңерди тартып алам десеңер, бул Бакиевдердин тушунда да болгон эмес. УКМК менин туугандарымдын бизнестерине келип, "ал кызды тыйынсыз калтырам, талаада калтырам" деп коркутуп жатыптыр. Баарыңар табакташ болуп отуруп алып, бизди бир-бирден атып эле салбайсыңарбы?» – деген Сурабалдиева.
Басым-кысымдарга карабастан, Сурабалдиеванын мандаты өзүндө, эл өкүлү ишин улантып жатат.
Жанар Акаев 2022-жыл, ноябрь
Сурабалдиеванын билдирүүсү коомдо резонанс жаратып, ЖМКдын бири депутаттар арасында сурамжылоо да жүргүзгөн. Эл өкүлдөрүнө «чын эле басым болуп жатабы, мамлекеттик кызматта иштеген туугандарыңыз болсо, кызматтан алындыбы?» деген суроо узатылган. Депутаттар Эрулан Кокулов, Дастан Бекешев, Эмил Токтошев, Султанбай Айжигитов басым болбогонун айтышкан.
Ал эми Тазабек Икрамов менен Жанар Акаев өздөрүнө карата кысым жоктугун айтып, бирок депутат Эмил Жамгырчиевдин кармалышын, Чыңгыз Айдарбековдун туугандарына басым бар экенин белгилешкен.
«Менин туугандарым мамлекеттик жумушта иштебегени үчүн мен аны байкаган жокмун. Экинчиден, менин бизнесим жок болгону үчүн дагы мага, жеке өзүмө басым-кысым бар деп айта албайм. Бирок фракциянын депутаттарына болуп атканын байкап атабыз. Мисал ошол эле, Эмил Жамгырчиевди чек арадан кармап, түнкүсүн барып оперлердин жулкулдатып алып келгени туура эмес деп ойлойбуз. Чыңгыз Айдарбековго байланыштуу дагы, бир канча туугандарына болгон басымдар бар азыр. Бирок мен аны так айта албайм. Мага жок, азырынча жок. Эми Сурабалдиева калп айткан жок. Көп депутаттарга ошондой (басым-кысым) бар. Мындай отурганда, сүйлөшкөндө көп эле депутаттар айтат да, ачык элечи», – деген Жанар Акаев.
Акаев учурда мандатын тапшырып же андан күч менен кол жууп калбаганы менен ал атап өткөн кишилер кызматтан кетишкен. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу Чыңгыз Айдарбеков менен Медер Алиев комитет төрагалыгынан кетүүгө мажбур болушкан.
Ал эми Сеид Атамбаев сурамжылоодо дайыма эле басым астында экенин айтып жооп берген.
«Мен дайыма эле басым астында болуп келгем, дайыма кара тизмеде болуп келгем».
Ал дагы ишин улантууда.
Мирлан Самыйкожо 2022-жыл, 28-сентябрь
Ага чейин депутат Мирлан Самыйкожо парламентке басым күчөгөнүн айтып чыккан. Ал Жогорку Кеңештин 28-сентябрындагы жыйынында парламенттин «кудайлары» көбөйүп бара жатканын белгилеген. Анын айтымында, парламенттин үстүндө эл менен кудай гана турушу керек.
«Параменттин төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда, жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Азыр аны дагы бир кесиптешибиз ачыктап көрсөтүп берди. Парламентти басынтып, жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан, эч кимдин этегине намаз окубашы керек. Биз элдин ырысы менен келечегинен корколу», — деген Самыйкожо.
Кудай жалгап, Мирлан Самыйкожо да мандатынан ажырай элек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренсинде мындай деп жазылып турат: «Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес».
«Клооп» дагы кайсы депутаттар кандай жүйөлөр менен мандатынан ажыратылганы, алардын ордуна кимдер келгени тууралуу видео материал да даярдады. Төмөнкү шилтеме аркылуу видеону көрүңүз, жана бул маселе боюнча пикириңизди калтырыңыз.