Алтынбек Сулайманов: Ар бир адамдын талантын ачышыбыз керек

Алтынбек Сулайманов

«Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов КТРКнын 30-сентябрдагы дебатында Кыргызстанда адам ресурсунан башка ресурс жок экенин билдирди. Адамдардын потенциалын ачуу үчүн жарандарга айыл-чарба продукцияларын экспортко чыгарууга шарт түзүп берүү керектигин белгиледи.

«Биздин Кыргызстанда нефть, газ жок. Биздин ресурсубуз жарандарыбыз. Ар бир адамдын талантын, потенциалын ачышыбыз керек. Биз Бажы биримдигине айыл-чарба продукциясын экспорттошубуз керек. Этибизди, сүтүбүздү заманбап технология менен чыгарып алсак. Бизди бир гана тоскоолдуктар бууп отурат: жүздөгөн текшерүү органдары, жүздөгөн уруксат кагаздары, салыктар. Мамлекет эл аралык сертификаттар жана лабораторияларды ачуу менен алек болушу керек. Продукцияларыбызды Орусия менен Казакстанга сатсак эле жетет», — деп түшүндүрдү Сулайманов.

Ошондой эле, Сулайманов продукцияларды бажыдан тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн бажы төлөмдөрүн 90 секундда төлөөгө мүмкүн болгон системаны киргизүүнү сунуштап жатышканын айтты. Ал кошумчалагандай, төлөмдөрдүн алынышына бажы кызматкерлери аралашпайт.

КТРК телеканалында парламенттик шайлоого катышуучу 16 партиянын лидерлеринин ортосунда дебат башталган. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

«Бир Бол» партиясы

«Бир Бол» саясий партиясы 2010-жылы 28-июнда каттоодон өткөн. Партия парламентке карай жолун 2013-жылы Ош облусунун Кара-Суу райондук шаардык кеңешинде жергиликтүү шайлоодо 4 мандатка ээ болуу менен баштаган.

2014-жылы 13-апрелде Токтогул шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы боюнча 3 мандат алган. Ал эми 2015-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо партия шайлоочулардын 8,5% добушуна ээ болуп, Жогорку Кеңеште 12 орунга ээ болгон.

Партиянын лидери Алтынбек Сулайманов 2010-жылга чейин Бакиевдин бийликчил «Ак Жол» партиясынан депутат болгон. Бийлик алмашкандан кийин Сулайманов «Республика» партиясына өтүп, ошол эле учурда «Бир Бол» партиясын түптөгөн. Сулаймановду жана анын партиясын кулатылган президент Курманбек Бакиев менен байланышы бар деп бир нече жолу айыпташкан.

Мындан тышкары, Сулайманов киши колдуу болгон Айеркен Саймаити менен тааныш болгон. Ал — уйгур тектүү бизнесмен жана «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин иликтөөчү журналисттеринин Кыргызстан аркылуу 700 млн доллар чыгаруу тууралуу иликтөөнүн башкы маалыматчысы. Саймаитинин билдирүүсүндө, ага операцияларды ишке ашырууда бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов да жардам берген.

Тема боюнча: «Ажаткана революциясы» жана Сулаймановдун Саймаити менен байланышы. «Бир Бол» партиясы