Жогорку сот Мырзакматовдун ишин кайра тергөөгө жиберди

Мелис Мырзакматов

Жогорку сот Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши боюнча соттук чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайрадан карап чыгууга жиберди. Бул боюнча токтом 8-октябрда кабыл алынды.

Буга чейин анын адвокаттары Жогорку сотко кайрылып, Ош шаардык жана облустук сотторуна кайрылып аны актаган чечим чыгарып берүүнү талап кылышкан.

Чет өлкөдө качып жүргөн Мырзакматов Кыргызстанга саясий абал чыңалып турган учурда кайтып келген. Ал 7-октябрга караган түнү Ош шаарына конгон. Экс-мерди борбордук аянтта миңдеген тарапташтары күтүп алган.

Кийинчерээк Мырзакматов журналисттерге маек куруп, «түштүк региондорунда тынчтыкты орнотууга көмөк көрсөтүү» үчү келгенин айткан. Аны ишке ашыруу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн билдирген.

Ошондой эле депутаттар Искендер Матраимов жана Асылбек Жээнбеков менен жолукканын ачыктаган.

Ал мамлекеттик кызматка барбай турганын билдирип, Түркияга кайтып кетээрин кабарлаган.

Мырзакматов тууралуу

Мелис Мырзакматов — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан саясатчы, ал 2009-2013-жылдары өлкөнүн экинчи борбору саналган Ош шаарынын мэри болуп турганда атактуулугунун туу чокусуна жеткен.

Анткени менен Мырзакматов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин да, ошол эле жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык жаңжалдан кийин да өз кызматын ордун сактап кала алган чоң мансаптуу аткаминерлердин бири болгон.

Болбосо, ал учурда Бакиевдин убагында кызматка орношкондордун баарын алмаштырып жатышкан эле. Мырзакматов өзүн абройлуу, төрт тарабы төп келишкен «элдик» саясатчы катары көрсөтүп келген.

2013-жылдын аягында бийликтегилер Мырзакматовду мэр кызматынан алуу үчүн шылтоо табышкан. Мырзакматов Оштун мэри болуп туруп, тагыраагы декабрдын башында, буга чейин бир ай мурда коррупцияга айыпталып камакка алынган парламенттин экс-спикери Акматбек Келдибековду колдогон митингге чыккан. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жакпай калып, ал биринчи Мырзакматовду ыйгарым укугунан чыкпоого чакырып, эки күн өткөндөн кийин аны кызматынан алган.

Кийинчерээк «кылымдын курулушу» делген Оштун борборунда эстакадалык көпүрөнү салууда кызматтык ыйгарым укутарынан аша чапкандыгы үчүн Мырзакматовго каршы кылмыш иши козголгон. Бул долбоорго мурдагы мэр чоң үмүттөрдү арткан.

Ал 27 млн сомду ыксыз короткон делип айыпталганы менен Мырзакматов өзү «ар бир тыйын» үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

2014-жылы Мырзакматов Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен өткөн шайлоодо Ош мэринин кызматына кайрадан талапкерлигин коюп, бирок анын «Улуттар биримдиги» партиясы шаардык кеңеште 45 орундун ичинен дээрлик жарымын ээлеп турганына карабастан бийликчил талапкер Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган.

Мырзакматовдун жеңилишинде карама-каршылыктар болгон. Ушинтип утулуп калгандан кийин жана кылмыш куугунтугунун шартында Мырзакматов Кыргызстандан качып кеткен. 2015-жылы сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.